Windows Vista Language Interface Pack (LIP) пакети Windows Vista системинин эң көп колдонулган аймактарынын котормосун сунуш кылат
Windows Vista үчүн Windows Vista Language Interface Pack (LIP) Windows системинин эң көп колдонулган аймактарынын толук эмес которулушун сунуш кылат. LIP пакетин орноткондон кийин, чеберлердеги, диалог кутуларындагы, менюлардагы, Жардам жана Колдоо темаларындагы жана башка элементтердеги тексттер LIP тилинде чагылдырылат. Которулбаган текст Windows Vista системинин негизги тилинде чагылдырылат. Мисалы, эгерде сиз Windows Vista системинин Испан тилиндеги нускасын сатып алсаңыз, жана Каталондук LIP орнотсоңуз, кээ бир текст Испан тилинде калат. Ушул компьютердин ар бир колдонуучусу каалаган тилинде колдонуучу интерфейсин чагылдыра алгандай кылып бир нече LIP орнотсо болот.
Колдогон Иштетүү системи:
Windows Vista
• Microsoft Windows Vista
• Төмөнкү тилдерде колдонуучу интерфейс пакеттери: Англис, Испан, Француз, Орус, Серб (Латын), Хорват, Норвегиялык (Букмол)
• Жүктөө үчүн 4,63 Мб
• Орнотуу үчүн 15 Мб
Колдолгон платформалар: LIP пакеттери Windows Vista системинин 32-биттик нускасы менен гана иштей алат жана Windows системинин мурунку нускаларында же Windows Vista системинин 64-биттик нускасында орното алынбайт.
- Жүктөөнү баштоо үчүн бул барактагы Жүктөө баскычын чыкылдатыңыз, же ачылуучу тизмеден башка тилди тандаңыз жана Өтүү баскычын чыкылдатыңыз.
- Төмөндөгүлөрдүн бирөөсүн аткарыңыз:
- Орнотууну азыр башташ үчүн Ачуу же Бул програмды учурдагы жайгашуусунан иштетүү дегенди чыкылдатыңыз.
- Жүктөлгөндү кийинчерээк орнотуу үчүн компьютерге көчүрүүгө Сактоо же Бул програмды дискке сактоо дегенди чыкылдатыңыз.