Жарыяланган:
Күчүнө кирген күн: 1-май, 2018
Microsoft Кызматтык Макулдашуусу
КупуялыгыңызКупуялыгыңыз1_YourPrivacy
Корутунду

1. Купуялыгыңыз. Купуялыгыңыз биз үчүн маанилүү. Сураныч, Microsoft Купуялык Билдирүүсүн ("Купуялык Билдирүүсү") окуңуз, себеби ал биз сизден жана түзмөктөрүңүздөн чогулткан берилмелердин типтерин ("Берилмелер"), биз сиздин Берилмелерди кандай колдонорубузду жана бизде сиздин Берилмелерди иштеткенге болгон укуктук негиздерди сүрөттөйт. Купуялык Билдирүүсү ошондой эле Microsoft сиздин мазмунду кантип колдонорун да түшүндүрөт, ал - башкалар менен байланышууларыңыз; сиз Microsoft-ко Кызматтар аркылуу жиберген жарыялар; сиз Кызматтар аркылуу жүктөгөн, сактаган, алып берген же бөлүшкөн файлдар, фотолор, документтер, аудио, санарип иштер, жандуу агымдар жана видеолор ("Сиздин мазмун"). Иштетүү макулдукка негизделгенде жана мыйзамда уруксат берилген чекте, ушул Жоболорго макул болуу менен сиз Microsoft Сиздин мазмунду жана Берилмелериңизди Купуялык Билдирүүсүндө сүрөттөлгөндөй чогултушуна, колдонушуна жана ачышына макул болосуз. Айрым учурларда биз Купуялык Билдирүүсүндө берилгендей өзүнчө эскертүү берип, макулдугуңузду сурайбыз.

Толук текст
МазмунуңузМазмунуңуз2_yourContent
Корутунду

2. Мазмунуңуз. Кызматтарыбыздын көбү Мазмунуңузду сактоого же бөлүшүүгө, же башкалардан материал алууга жол берет. Мазмунуңузга ээлик талап кылбайбыз. Мазмунуңуз сиздики бойдон калат жана сиз ага жооптуусуз.

  • a. Мазмунуңузду башка эл менен бөлүшкөндө, алар бүткүл дүйнө боюнча Мазмунуңузду сизге ордун толтурбастан колдонуп, сактап, жазып алып, кайра өндүрүп, алып берип, өткөрүп, бөлүшүп жана көрсөтө (жана HealthVault-та жок кыла) алат. Башкалар аны кыла албасын десеңиз, Кызматтарды Мазмунуңузду бөлүшүүгө колдонбоңуз. Бул Жоболордун узактыгында Кызматтарда же алар аркылуу жүктөлгөн, сакталган же бөлүшүлгөн Мазмунуңуз үчүн зарыл укуктарынын баары сизде бар (жана кала берет) жана Мазмунуңузду алуу, колдонуу жана талап кылып алуу эч бир мыйзамды же башкаларды укуктарын бузбайт деп билдиресиз жана кепилдейсиз. Microsoft Мазмунуңузду ээлебейт, көзөмөлдөбөйт, тастыктабайт, төлөбөйт, колдобойт же башка жол менен эч кандай жоопкерчилик билдирбей жана Мазмунуңуз же Кызматтар аркылуу башкалар жүктөгөн, сактаган же бөлүшкөн материалга жооптуу каралбайт.
  • b. Кызматтарды сизге жана башкаларга көрсөтүүгө, сизди жана Кызматтарды коргоого, жана Microsoft өнүмдөрүн жана кызматтарын жакшыртууга зарыл ченде Мазмунуңузду колдонууга, мисалы, Кызматтарда Мазмунуңузду байланыш куралдары аркылуу көчүрмөсүн алуу, кармоо, өткөрүү, кайра форматтоо, көрсөтүү жана таратууга, Microsoft-ко бүткүл дүйнө боюнча жана роялтисиз интеллектуалдык мүлк лицензиясын бересиз. Мазмунуңузду Кызмат аймактарында жарыяласаңыз жана алар чектөөсүз онлайн кеңири болсо, Мазмунуңуз Кызматты сүрөгөн материалдарда же демонстрацияларда көрүнүшү мүмкүн. Кызматтардын айрымдары жарнамалоо аркылуу колдоого алынат. Microsoft жарнамаларды кантип жекелештирери боюнча көзөмөлдөр Microsoft эккаунтун башкаруу вебсайтынын Коопсуздук жана купуялык бетинде бар. Биз жарнаманы сизге мээлөө үчүн имейлде, чатта, видео чалууларда же үн катта, же документтериңизде, фото же башка жеке файлдарыңызда айткандарыңызды колдонбойбуз. Жарнама саясаттарыбыз Купуялык Билдирүүсүндө толук камтылган.
Толук текст
Жүрүм-турум КодексиЖүрүм-турум Кодекси3_codeOfConduct
Корутунду

3. Жүрүм-турум Кодекси.

  • a. Бул Жоболорго макул болуу менен сиз Кызматтарды колдонууда бул эрежелерди аткарам деп макул болосуз:
    • i. Мыйзамга каршы эч нерсе кылба.
    • ii. Балдарды пайдаланган, зыян келтирген же зыян келтирүү коркунучун туудурган бир да ишке аралашпа.
    • iii. Спам таратпа. Спам - кааланбаган же өтүнүлбөгөн жапырт кат жөнөтүү, жарыялоо, байланыш маалыматын суроо, SMS (текст билдирүүлөрү) же көз ирмем билдирүүлөрү.
    • iv. Орунсуз мазмун же материал (мисалы, жылаңач дене, содомия, порнография, сөгүнүү, зомбулукту көрсөтүү же кылмыш иштери аралашкан) же жергиликтүү мыйзамдарга же ченемдерге туура келбеген Мазмунуңузду же материал бөлүшкөнгө Кызматтарды колдонбоңуз.
    • v. Алдамчылык, калп же адаштырган (мисалы, калп шылтоолор менен акча суроо, башка бирөөнүн атын жамынуу, оюн эсебин көбөйткөнгө же орун берүүлөргө, баалоолорго же жорумдарга таасир эткенге Кызматтарды манипуляциялоо) же эн койгон же жалаа жапкан иш-аракеттерге аралашпаңыз.
    • vi. Кызматтарга жетки же мүмкүн кылуу чектөөлөрүн айланып өтпө.
    • vii. Өзүңө, Кызматтарга же башкаларга зыяндуу иштерге (мис., вирус өткөрүү, артынан түшүү, террористтик мазмунду жайгаштыруу, жек көрүү кебин таратуу же башкаларга каршы зомбулукту колдоого аралашпа.
    • viii. Башкалардын укугун бузба (мис., автордук укук менен корголгон музыка же башка автордук укук менен корголгон материалды урукатсыз бөлүшүү, Bing карталарын же фотографияларын кайра сатуу же башка жол менен таратуу).
    • ix. Башкалардын купуялыгын же берилмелерин коргоо укугун бузган иштерге аралашпа.
    • x. Башкаларга бул эрежелерди бузганга жардам бербе.
  • b. Турмушка ашыруу. Бул Жоболорду аткарбасаңыз, жеке өз пикирибизге таянып сизге Кызматтарды көрсөтүүнү токтото же Microsoft экаунтуңузду жаба алабыз. Ошондой эле бул Жоболорду күчүнө киргизүү аракетинде Кызматтарга же Кызматтардан байланыш (имейл, файл бөлүшүү же бат билдирүү сыяктуу) жеткирүүнү бөгөй же каалаган себеп менен Мазмунуңузду алып сала же жарыялоодон баш тарта алабыз. Бул Жоболор бузулду деген учурларды териштирүүдө Microsoft көйгөйдү чечүү үчүн Мазмунуңузду кароо укугун өзүнө калтырат жана из бул жерде мындай кароого уруксат бересиз. Ошентсе да, Кызматтарды бүт байкоого ала албайбыз, ага аракет кылбайбыз.
  • c. Xbox Кызматтарына колдонуу. Жүрүм-турум Кодекси Xbox Live-га, Windows Live үчүн Оюндарга жана Microsoft Studios оюндарына, Microsoft камсыз кылган колдонмолорго, кызматтарга жана мазмунга кандай колдонулары тууралуу маалыматты көрүүгө бул жерди басыңыз. Xbox Кызматтары аркылуу Жүрүм-турум кодексин (13(a)(i) бөлүмүндө аныкталган) аткарбоо Xbox Кызматтарын токтотуу же аларга катышууга жол бербөө, анын ичинде мазмунга лицензияларды, Xbox Gold Мүчөлүгүнүн убактысын жана экаунтка чырмалган Microsoft экаунт теңдемдерин алып алуу менен бүтүшү мүмкүн.
Толук текст
Кызматтарды жана Колдоону урунууКызматтарды жана Колдоону урунуу4_usingTheServicesSupport
Корутунду

4. Кызматтарды жана Колдоону урунуу.

  • a. Microsoft экаунту. Кызматтардын көбүнө жетки алыш үчүн Microsoft эккаунту керек болот. Microsoft эккаунту Microsoft да, Microsoft-тун айрым өнөктөрү да сунуштаган өнүмдөргө, сайттарга жана кызматтарга катталып кирүүгө жол берет.
    • i. Эккаунт түзүү. Сиз онлайн катталуу менен Microsoft экаунтун жарата аласыз. Microsoft экаунтуңузга катталып жатканда кандай болбосун калп, так эмес же адаштыруучу маалымат колдонбоого макул болосуз. Айрым учурларда Интернет провайдериңиз сыяктуу үчүнчү тарап сизге Microsoft эккаунтун дайындашы мүмкүн. Microsoft эккаунтуңузду үчүнчү тараптан алсаңыз, ал үчүнчү тарап эккаунтуңуздун үстүнөн Microsoft эккаунтуңузга жетки алуу же аны жок кылуу мүмкүнчүлүгү сыяктуу кошумча укуктарга ээ боло алат. Microsoft бул кошумча жоболор боюнча жооптуу болбогондуктан, үчүнчү жак сизге берген кандай болбосун кошумча жоболорду карап чыгыңыз. Ишканаңыз же жалдоочуңуз сыяктуу тараптын атынан Microsoft эккаунт түзсөңүз, ал тарапты бул Жоболорго милдеттендирүүгө мыйзамдуу укугуңуз бар деп билдиресиз. Microsoft экаунтуңуздун аныктоо белгилерин башка колдонуучуга же жакка өткөрүп бере албайсыз. Эккаунтуңузду коргоо үчүн эккаунт маалыматыңызды жана сырсөзүңүздү конфиденциалдуу сактаңыз. Microsoft экаунтуңузда болгон иш-аракеттердин баары үчүн сиз жооптуусуз.
    • ii. Эккаунтту колдонуу. Microsoft эккаунтуңузду активдүү кармаш үчүн аны колдонушуңуз керек. Бул Microsoft эккаунтуңузду жана байланышкан Кызматтарды активдүү кармаш үчүн, Кызматтардын акы төлөнүүчү бөлүгү үчүн сунушта башкача берилбесе, жок дегенде беш жылда бир катталып кирип турушуңуз керек дегенди билдирет. Бул убакыт ичинде катталып кирбесеңиз, Microsoft эккаунтуңуз активдүү эмес деп чечим, аны сиз үчүн жабабыз. Сураныч, Жабылган Microsoft эккаунтунун кесепеттерин 4(a)(iv)(2) бөлүктөрдөн көрүңүз. Outlook.com кирген каттарыңызга жана OneDrive-ыңызга (өзүнчө) жок дегенде жылына бир жолу кирип турушуңуз керек, антпесе биз Outlook.com кирген каттарыңызды жана OneDrive-ыңызды сиз үчүн жабабыз. Microsoft эккаунтуңузга байланышкан оюнчу энин жоготпоо үчүн Xbox Кызматтарына жок дегенде беш жылда бир катталып киришиңиз керек. Microsoft экаунтуңузды үчүнчү тарап алдамчылык менен (мисалы, аны бузуп алып) колдонуп жатат деп жөн-жайлуу шектенсек, сиз кайра ээлик алмайынча Microsoft сиздин экаунтту токтото турушу мүмкүн. Макулдашуунун табиятынын негизинде биз Мазмунуңуздун айрымына же баарына жеткини иштен чыгарууга мажбур болушубуз мүмкүн. Microsoft эккаунтуңузга жетки алууда кыйынчылык болуп жатса, бул сайтка барыңыз: https://go.microsoft.com/fwlink/?LinkId=238656.
    • iii. Балдар жана Эккаунттар. Кызматтарды колдонуу менен сиз жашаган жериңизде "эрезеге жетүү" же "укуктуу жоопкерчилик" курагына жеткениңизди же бул Жоболордо милдеттендирилгенге жарактуу ата, эне же мыйзамдуу камкорчу макулдугуна ээ экениңизди чагылдырасыз. Сиз өзүңүз жашаган жерде эрезеге жеткен же "укуктук жоопкерчилик" курагына жеткениңизди билбесеңиз, же болбосо бул бөлүмдү түшүнбөсөңүз, Microsoft экаунтун жаратардан мурда ата/энеңизден же укуктук камкорчуңуздан жардам жана макулдук сураңыз. Сиз Microsoft экаунтун жаратып жаткан эрезеге жете элек баланын атасы/энеси же укуктук камкорчусу болсоңуз, жашы жете элек баланын экаунту азыр ачык болсо же кийинчерээк түзүлсө, сиз жана жашы жете элек бала ушул Жоболорго баш ийүүгө жана Microsoft экаунтун же Кызматтарынын баарын, анын ичинде сатып алуулардын, колдонуунун баары үчүн жооптуу болууга макулсуңар жана кабыл аласыңар.
    • iv. Эккаунтуңузду жабуу.
      • 1. Сиз качан болсо жана кандай болбосун себеп менен айрым Кызматтарды жокко чыгарсаңыз же Microsoft экаунтуңузду жапсаңыз болот. Microsoft эккаунтуңузду жабуу үчүн бул жерге барыңыз: https://go.microsoft.com/fwlink/p/?linkid=618278. Microsoft эккаунтуңузду жабууну суранганыңызда, мүмкүн оюңуз өзгөрүлөбү деп биз аны токтотулган абалга 60 күнгө койобуз. 60 күндүк мезгилден кийин Microsoft эккаунтуңуз жабылат. Microsoft экаунтуңуз жабылганда эмне болору тууралуу түшүндүрмөнү 4(a)(iv)(2) бөлүмүнөн карасаңыз болот. Ошол 60 күндүк мезгил ичинде кайра кирүү Microsoft эккаунтуңузду кайра жандандырмакчы.
      • 2. Microsoft экаунтуңуз жабылса (сиз же биз тарабынан), бир нече окуя болот. Биринчиси, сиздин бул Кызматтарды ачканга Microsoft экаунтуңузду колдонууга укугуңуз заматта токтойт. Экинчиден, Microsoft экаунтуңузга чырмалган Берилмелерди же Сиздин Мазмунду жок кылабыз же аны сизден жана Microsoft экаунтуңуздан дагы башкача ажыратабыз (мыйзам аны сакташыбызды, же болбосо сизге же сиз аныктаган үчүнчү тарапка өткөрүп беришибизди талап кылбаса). Сизде регулярдык резервдик көчүрүү планы болушу керек, себеби эккаунтуңуз жабылгандан кийин Microsoft Мазмунуңузду же Берилмелериңизди кайтара албайт. Үчүнчүсү, сиз ээ болгон өнүмдөргө жеткиден айрылышыңыз мүмкүн.
  • b. Жумуш же Мектеп Эккаунттары. Айрым Microsoft кызматтарына жумуш же мектеп имейл дарегиңиз менен катталып кире аласыз. Катталып кирсеңиз, имейл дарегиңизге байланышкан домендин ээси эккаунтуңузду көзөмөлдөй жана башкара аларына, ошондой эле Берилмелериңизди, анын ичинде байланышууларыңыздын жана файлдарыңыздын мазмунун, ачып жана иштете аларына, ошондой эле экаунт же Берилмелер соккуга учураса Microsoft домендин ээсине кабар берсе болоруна макулсуз. Сиз андан ары Microsoft кызматтарын колдонууңуз Microsoft сиз же сиздин уюм менен түзгөн келишимдерге баш ийиши жана бул Жоболор колдонулбашы мүмкүн экенине макул болосуз. Эгер эбак Microsoft экаунтуңуз болсо жана бул Жоболор камтыган Кызматтарды алганга өзүнчө жумуш же мектеп имейл дарегин колдонсоңуз, мындай Кызматтарды ала бериш үчүн Microsoft экаунтуңузга байланышкан имейл дарегин жаңыртышыңызды суранышыбыз мүмкүн.
  • c. Кошумча Жабдуу/Берилме Пландары. Кызматтардын көбүн колдонуу үчүн сизге интернет туташууусу жана/же берилме/уюк планы керек. Сизге ошондой эле баш гарнитурасы, камера же микрофон сыяктуу кошумча жабдуу керек болушу мүмкүн. Кызматтарды колдонууга зарыл туташуулардын, пландардын жана жабдуунун баарын камсыз кылууга жана туташууларыңызды, пландарыңызды жана жабдууңузду камсыздоочу(лар) койгон акыларды төлөөгө сиз жооптуусуз. Ал акылар бизге Кызматтар үчүн төлөгөн акыларга кошумча жана биз андай акылардын ордун толтуруп бербейбиз. Сизге тиешеси болушу мүмкүн акылар барбы деп провайдер(лер)иңизден сураңыз.
  • d. Кызмат эскертмелери. Сиз колдонгон Кызмат тууралуу сизге бир нерсе айтышыбыз керек болгондо, сизге Кызмат эскертүүлөрүн жөнөтөбүз. Эгер Microsoft экаунтуңузга байланыштуу имейл дарегиңизди же телефон номуруңузду берген болсоңуз, анда анын ичинде мобилдик телефон номуруңузду каттоодон мурда ким экениңиди аныктоо үчүн да, сизге имейл же СМС (текст билдирүүсү) аркылуу Кызмат билдирүүлөрүн жиберишибиз мүмкүн. Биз ошондой эле сизге башка жолдор менен (мисалы, өнүм ичиндеги билдирүүлөр аркылуу) да Кызмат билдирүүлөрүн жиберишибиз мүмкүн. SMS аркылуу эскертме алганда берилме же билдирүү тарифтери колдонулушу мүмкүн.
  • e. Колдоо. Айрым Кызматтар үчүн Кардарларды колдоо бул жерде: support.microsoft.com. Башкача көрсөтүлбөсө эле, айрым Кызматтар www.microsoft.com/support-service-agreement дарегиндеги жоболорго баш ийген өз алдынча же кошумча кардарларды колдоо сунуштай алат. Кызматтардын же өзгөчөлүктөрдүн алдын ала же бета нускалары үчүн колдоо болбошу мүмкүн. Кызматтар үчүнчү тараптар берген жумшак жабдык же кызматтарга шайкеш келбеши мүмкүн, жана шайкештик талаштарын изилдөөгө сиз жооптуусуз.
  • f. Кызматтарыңызды аяктоо. Кызматтарыңыз (сиз же биз тарабынан) жокко чыгарылса, алгач сиздин бул Кызматтарды ачууга укугуңуз заматта токтойт жана бул Кызматтарга байланыштуу жумшак жабдууга лицензияңыз аяктайт. Экинчиден, Кызматыңызга чырмалган Берилмелерди же Сиздин Мазмунду жок кылабыз же аны сизден жана Microsoft экаунтуңуздан дагы башкача ажыратабыз (мыйзам аны сакташыбызды, же болбосо сизге же сиз аныктаган үчүнчү тарапка өткөрүп беришибизди талап кылбаса). Натыйжада сиз Кызматтардын (же ал Кызматтарда сактаган Мазмунуңуздун) эч бирин ача албай калышыңыз мүмкүн. Кадимки камга сактоо планыңыз болушу керек. Үчүнчүсү, сиз ээ болгон өнүмдөргө жеткиден айрылышыңыз мүмкүн. Microsoft экаунтуңузду жокко чыгарсаңыз жана Кызматтарды ачканга башка экаунтуңуз жок болсо, Кызматтарыңыз дароо жокко чыгарылышы мүмкүн.
Толук текст
Үчүнчү тарап колдонмолорун жана кызматтарын колдонууҮчүнчү тарап колдонмолорун жана кызматтарын колдонуу5_usingThird-PartyAppsAndServices
Корутунду

5. Үчүнчү тарап колдонмолорун жана кызматтарын колдонуу. Кызматтар көз карандысыз үчүнчү тараптардан (Microsoft-тон башка компаниялардан же элден) өнүмдөрдү, кызматтарды, вебсайттарды, шилтемелерди, мазмун, материал, оюн, жөндөм, бириктирүү, бот же колдонмолорду ("Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтары") алганга же сатып алганга жол бериши мүмкүн. Кызматтарыбыздын көбү сизге Үчүнчү тараптардын колдонмолорун жана кызматтарын тапканга, сураганга же аракеттешкенге да жардам берет же Сиздин мазмунду жана Берилмелерди бөлүшүүгө уруксат берет жана сиз Кызматтарыбызды Үчүнчү тараптардын колдонмолорун жана кызматтарын сизге камсыз кылганга багыттап жатканыңызды түшүнөсүз. Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтары сизге Сиздин мазмунду жана Берилмелерди Үчүнчү тараптардын колдонмолорунун жана кызматтарынын жарыялоочусу, камсыздоочусу же оператору менен бөлүшкөнгө жол бериши да мүмкүн. Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтары сиз Үчүнчү тараптардын колдонмосун же кызматын орното алардан мурда сизге купуялык саясатын көрсөтүшү же кошумча жоболорду кабыл алышыңызды талап кылышы мүмкүн. Office Store, Xbox Store же Windows Store кызматтарынан алынган колдонмолордун кошумча шарттары үчүн 13(b) бөлүгүн көрүңүз. Үчүнчү тараптардын колдонмолорун жана кызматтарын сатып алардан, колдонордон, сураардан же Microsoft экаунтуңузду туташтырардан мурда кайсы болбосун кошумча жоболорду жана купуялык саясаттарын карап чыгышыңыз керек. Бул Жоболорду бир да кошумча жоболор жаңыртпайт. Microsoft эч бир Үчүнчү Тарап Колдонмолорунун жана Кызматтарынын бөлүгү катары сизге эч кандай интеллектуалдык мүлк лицензияга бербейт. Сиз бул Үчүнчү Тарап Колдонмолорун жана Кызматтарын колдонуудан келип чыккан коркунучту жана жоопкерчиликти өз мойнуңузга алууга жана аларды колдонгонуңуз үчүн келип чыккан маселелерге Microsoft жооптуу эмес экендигине макулдугуңузду билдиресиз. Кайсы болбосун Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтары камсыздаган маалымат же кызматтар үчүн Microsoft сизге же башкаларга жооптуу эмес.

Толук текст
Кызматтын мүмкүндүгүКызматтын мүмкүндүгү6_serviceAvailability
Корутунду

6. Кызматтын мүмкүндүгү.

  • а. Кызматтар тарабынан сунушталган Кызматтар, Үчүнчү Тарап Колдонмолору жана Кызматтары же материалдар жана өнүмдөр анда-санда жеткиликтүү эмес болушу, чектелип сунушталышы же аймагыңызга же түзмөгүңузгө карап ар кандай болушу мүмкүн. Microsoft эккаунтуңуздун жайгашкан аймагын өзгөртсөңүз, мурунку аймакта сизге жеткиликтүү болгон же төлөнгөн материалдрады же колдонмолорду кайра алуунун кереги тийиши мүмкүн. Сиз материалдарды же кызматтарды колдонуп же аларга ээ болууга аракеттенип жаткан мамлекетте тыюу салынган же лицензиясы жок материалдарды же Кызматтарды колдонбоого же аларга мүмкүнчүлү албоого же ушу сыяктуу материалдарга жана Кызматтарга мүмкүнчүлүк алуу үчүн өз жайгашкан жериңизди же ким экениңизди жашырбоого же атайын ката айтпоого макулдугуңузду билдиресиз.
  • b. Биз Кызматтарды оң иштеп турушун колдоого аракет кылабыз; кантсе да, бардык онлайн кызматтар кээде каталарга жана бузулууларга учурайт жана ушундай учурлардын натыйжасында келип чыккан бузулууларыңыз же жоготууларыңыз үчүн Microsoft жооптуу эмес. Бузулуунун натыйжасында, сиз сактап койгон Мазмундарыңызды же Дайындарыңызды кайтара албай калышыңыз мүмкүн. Кызматтарда сактаган же Үчүнчү тараптардын колдонмолорун жана кызматтарын колдонуп сактаган Мазмунуңузду жана Берилмелериңизди такай камга сактап турушуңузду сунуштайбыз.
Толук текст
Кызматтар же Жумшак жабдууга жаңыртуулар жана бул Жоболорго өзгөртүүлөрКызматтар же Жумшак жабдууга жаңыртуулар жана бул Жоболорго өзгөртүүлөр7_updatesToTheServicesOrSoftwareAndChangesToTheseTerms
Корутунду

7. Кызматтар же Жумшак жабдууга жаңыртуулар жана бул Жоболорго өзгөртүүлөр.

  • a. Биз бул Жоболорду качан болсо өзгөртө алабыз, жана анда сизге айтабыз. Кызматтарды өзгөрүүлөр күчүнө киргенден кийин колдонуу из жаңы жоболорго макулсуз дегенди билдирет. Бул жоболорго макул болбосоңуз, Кызматтарды колдонууну токтотушуңуз жана Microsoft экаунтуңузду жабышыңыз керек, жана, ата/эне же камкорчу болсоңуз, жашы жете элек балаңызга Microsoft экаунтун жапканга жардам бериңиз.
  • b. Кээде Кызматтарды колдонууну улантуу үчүн жумшак жабдууну жаңыртуу керек болот. Жумшак жабдыктын сиздеги версиясын автоматтык түрдө текшерип, жумшак жабдык жаңыртууларын же конфигурация өзгөртүүлөрүн түшүрүп алышыбыз мүмкүн. Ошондой эле Кызматтарды колдонууну улантуу үчүн жумшак жабдууну жаңыртуу талап кылынышы мүмкүн. Мындай жаңыртуулар бул Жоболорго баш иет, бирок ал жаңыртууларда башка жоболор болсо, ошолор колдонулат. Microsoft эч кандай жаңыртууларды мүмкүн кылууга милдеттендирилбейт жана сиз ал үчүн жумшак жабдыкты, колдонмолорду, мазмун же башка өнүмдөрдү сатып алган же лицензия алган систем версиясын колдойбуз деп кепилдик бербейт. Мындай жаңыртуулар үчүнчү тараптар берген жумшак жабдык же кызматтарга шайкеш болбошу мүмкүн. Жумшак жабдууну чечип салуу менен болочок жумшак жабдуу жаңыртууларына макулдугуңузду алып салсаңыз болот.
  • c. Буга кошумча, Кызматтын функцияларын же өзгөчөлүктөрүн алып салып же өзгөртүү же Кызмат көрсөтүүнү же Үчүнчү тарап Колдонмолорун жана Кызматтарына жеткини толугу менен токтотуу зарыл болгон убактар болушу мүмкүн. Тиешелүү мыйзамда талап кылынган чектен тышкары, мурда сатып алынган эч кандай материал, Санарип Буюм (13(k) бөлүмдө аныкталган) же колдонмолорду кайра түшүрүү же алмаштыруу камсыз кылууга милдеттүү эмеспиз. Биз Кызматтарды же алардын өзгөчөлүктөрүн алдын ала же бета версияда чыгарышыбыз мүмкүн, ал акыркы версиядай же туура иштебеши мүмкүн.
  • d. Көпчүлүк музыка, оюндар, тасмалар, китептер жана башкалар сыяктуу санарип укуктарды башкаруу (СУБ - DRM) менен корголгон материалды колдоно алышыңыз үчүн СУБ жумшак жабдыгы онлайн укуктар кызматына автоматтык түрдө кайрылып, СУБ жаңыртууларын түшүрүп алып орнотушу мүмкүн.
Толук текст
Жумшак жабдуу ЛицензиясыЖумшак жабдуу Лицензиясы8_softwareLicense
Корутунду

8. Жумшак жабдуу Лицензиясы. Өзүнчө Microsoft лицензиялык макулдашуусу менен коштолбосо (мисалы, Windows-го кирген жана анын бөлүгү болгон Microsoft колдонмосун урунуп жатсаңыз, анда мындай жабдыкты Windows Иштетүү Системи үчүн Microsoft Жумшак Жабдык Лицензиялык Макулдашуусу тескейт), Кызматтардын бөлүгү катары биз сизге камсыз кылган кайсы болбосун жумшак жабдык ушул Жоболорго баш ийет. Office Store, Windows Store же Xbox Store аркылуу алынган колдонмолор ылдыйкы 13(b)(i) бөлүгүнө баш ийет.

  • a. Бул Жоболорго баш ийсеңиз, Кызматтарды колдонууңуздун бөлүгү катары бир убакта бир киши гана колдонууга дүйнөлүк негизде бир түзмөккө бир жумшак жабдуу орнотуп колдонуу укугун беребиз. Айрым түзмөктөр үчүн Кызматтарды жеке, коммерциялык эмес колдонууңуз үчүн мындай жумшак жабдык алдын ала орнотулган болушу мүмкүн. Кызматтардын бөлүгү болгон жумшак жабдуу же сайт үчүнчү тараптын кодун камтышы мүмкүн. Жумшак жабдуу же сайттан шилтемеленген же маалымат берилген кайсы болбосун үчүнчү тарап скриптин же кодун сизге Microsoft эмес, ал кодду ээлеген үчүнчү тараптар лицензиялайт. Эгер болсо, үчүнчү тарап коду үчүн белгилер сизге маалымат үчүн гана кошулат.
  • b. Жумшак жабдуу сатылбайт, лицензияланат, жана Microsoft туюк түрдө, эстоппел же башкача ачык эмес берген жумшак жабдууга укуктардын баары Microsoft-то калат. Бул лицензия сизге төмөнкүлөргө укук бербейт, жана сизге болбойт:
    • i. жумшак жабдууга же Кызматтарга байланышкан технологиялык коргоо чараларын айланып өтүү же тепсөө;
    • ii. Кызматтарга кошулган же алар аркылуу жеткиликтүү кайсы болбосун жумшак жабдууну же Кызматтардын башка кайсы болбосун аспектисин тиешелүү автордук укук мыйзамы ачык түрдө ага жол бергенден башка учурларда жана ал ченде гана ажыратып, чечип, шифрин чечип, бузуп, көчүрмөлөп, жумшап, же тескери долбоорлоо;
    • iii. жумшак жабдуунун же Кызматтардын курамбөлүктөрүн ар башка түзмөктөрдө колдонууга ажыратуу;
    • iv. Microsoft буга ыйгарым укук ачык түрдө бербесе гана жумшак жабдууну же Кызматтарды жарыялоо, көчүрүү, ижарага берүү, бөлүп сатуу. сатуу, ташып чыгуу, ташып кирүү, бөлүштүрүү же карызга берүү;
    • v. жумшак жабдууну, кандай болбосун жумшак жабдуу лицензияларын, же Кызматтарга жетки алуу же урунуу укуктарынын кайсынысын болбосун өткөрүп берүү;
    • vi. Кызматтарды башка бирөөнүн колдонушуна же кандай болбосун кызмат, берилмелер, эккаунт же тармакка жетки алышына тоскоол болгондой кандай болбосун урукатсыз ыкмада колдонуу;
    • vii. уруксаты жок үчүнчү тарап колдонмолоруна кызматтарга жетки мүмкүн кылуу же кандай болсо да Microsoft-тун уруксаттуу түзмөгүн (мис., Xbox One, Xbox 360, Microsoft Surface, ж.б.) өзгөрттүрүү.
Толук текст
Төлөө ЖоболоруТөлөө Жоболору9_paymentTerms
Корутунду

9. Төлөө Жоболору. Кызмат сатып алсаңыз, бул төлөм жоболору сатып алууңузга тиешелүү жана аларга макулсуз.

  • a. Акылары. Кызматтардын бөлүгүнө акы байланган болсо, ал акыны көрсөтүлгөн валютада төлөөгө макулсуз. Кызматтар үчүн көрсөтүлгөн баага, башкача айтылбаса, тиешелүү салыктардын баары жана валюта алмаштыруу эсептөөлөрү кирбейт. Skype акы төлөнүүчү өнүмдөрүнө баалардын баары, башкача айтылбаган болсо, тиешелүү салыктарды камтыйт. Мындай салыктарды же башка акыларды төлөө үчүн сиз гана жооптуусуз. Skype сиздин эсеп чегерүү маалыматыңызга чырмалган жашаган дарегинин негизинде салыктарды эсептейт. Бул дарек жаңыртылган жана так экенин камсыз кылууга сиз жооптуусуз. Skype өнүмдөрүнөн тышкары, жергиликтүү мыйзам салык эсептөөгө башка негиз талап кылбаса, салыктар Microsoft экаунтуңуз катталгандагы жайгашууңузга жараша эсептелет. Сизден убагында толук төлөм албасак, Кызматтарды токтотуп же жокко чыгара алабыз. Төлөбөгөн үчүн Кызматтарды токтотуу же жокко чыгаруу эккаунтуңузга жана анын мазмунуна жетки жана аны колдонууну жоготууга алып келиши мүмкүн. Интернетке корпоративдик же жайгашууңузду чүмбөттөгөн башка жеке тармак аркылуу туташканда сиздин анык жайгашууңуз үчүн көрсөтүлгөндөн башка акы төлөшүңүз мүмкүн. Жайгашууңузга жараша айрым транзакциялар чет өлкөлүк валютаны оодарууну же башка өлкөдө иштетилүүнү талап кылышы мүмкүн. Дебит же кредит картын колдонгонуңузда ал кызматтар үчүн банкыңыз сизден кошумча акы алышы мүмкүн. Сураныч, банкыңыздан толук сураңыз.
  • b. Эсеп берүү эккаунтуңуз. Кызмат үчүн акы төлөө үчүн сиз ал Кызматка катталып жатканда төлөө ыкмасын көрсөтүшүңүздү суранат. Акы чегерүү жана төлөө ыкмаңызды Microsoft экаунтун башкаруу вебсайтында жана Skype үчүн https://skype.com/go/myaccount дарегинен экаунт порталыңызга катталып кирүү менен ачып жана өзгөртө аласыз. Буга кошумча, сиз Microsoft-ко чыгаруучу банкыңыз же тиешелүү төлөө тармагыңыз берген тандаган төлөө ыкмаңыз боюнча каалаган жаңыртылган эккаунт маалыматыңызды колдонууга уруксат берүүгө макулсуз. Биз транзакцияларыңызды аяктай жана ага байланыштуу зарыл болгондо сизге кайрыла алышыбыз үчүн эккаунтуңузга байланыштуу жана башка маалыматыңызды, анын ичинде имейл дарегиңизди жана төлөө ыкмасы тууралуу толук маалыматты убагында жаңыртып турууга макулсуз. Эсеп берүү эккаунтуңузга киргизилген өзгөрүүлөр эсеп берүү эккаунтуңузга өзүңүз киргизген өзгөртүүлөргө негиздүү аракет кылмайыбызча эсеп берүү эккаунтуңузга биз жиберген акыларыбызга таасир этпейт.
  • c. Эсеп берүү. Microsoft-ко төлөө ыкмасын берүү менен сиз (i) өзүңүз берген төлөө ыкмасын колдонууга ыйгарым укуктуусуз жана сиз берген төлөө маалыматынын баары чын жана так деп билдиресиз; (ii) төлөө ыкмаңызды колдонуп Кызматтар же мүмкүн мазмун үчүн акы алууга Microsoft-ко ыйгарым укук бересиз; жана (iii) бул Жоболор күчүндө турганда сиз колдонууга катталууну тандаган Кызматтардын кайсы болбосун акы төлөнүүчү өзгөчөлүгү үчүн акы алууга Microsoft-ко ыйгарым укук бересиз. Сизге (a) алдын ала; (b) сатып алуу учурунда; (c) сатып аларыңыз менен; же (d) жазылуу Кызматтары үчүн кайталанма негизде эсеп берип турушубуз мүмкүн. Ошондой эле сизден өзүңүз жактырган ченге чейин акы алышыбыз мүмкүн жана кайталанма жазылуу Кызматтары үчүн алынуучу акынын өлчөмүнүн өзгөрүшү тууралуу алдын ала кабар беребиз. Бир эле мезгилде буга чейин иштетилбеген өлчөмдөр үчүн мурунку эсеп берүү мезгилдериңиздин биринен көбү үчүн эсеп беришибиз мүмкүн.
  • d. Кайталанма төлөмдөр. Сиз Кызматтарды жазылуу негизинде (мис., ай сайын, 3 айда бир же жылына) сатып алганда, ал Кызматка жазылууну сиз же Microsoft токтотмоюнча, кайталануучу төлөмдөргө ыйгарым укук берип жатканыңызга жана сиз макул болгон ыкма менен жана кайталануучу убак аралыктарында төлөмдөр Microsoft-ко берилерине макул болосуз. Кайталануучу төлөмдөргө ыйгарым укук берүү менен сиз ал төлөмдөрдү же электрондук дебит же каражат которуу катары, же көрсөтүлгөн эсебиңизден (Автоматташтырылган эсептешүүлөр үйү же ошол сыяктуу төлөмдөр үчүн) электрондук алуу катары, же болбосо көрсөтүлгөн эсебиңизден акы алуу катары (кредит карт же ошол сыяктуу төлөмдөр үчүн) (жалпысынан - "Электрондук Төлөмдөр") иштетүүгө Microsoft-ко ыйгарым укук бересиз. Жазылуу акылары жалпысынан тиешелүү жазылуу мөөнөтүнүн алдында алынат. Кайсы болбосун төлөм төлөнбөй кайтарылса же кайсы болбосун кредит карт же ошол сыяктуу төлөм четке кагылса же андан баш тартылса, Microsoft же анын кызмат провайдерлери кайсы болбосун тиешелүү кайтаруу нерсесин, четке кагуу же жетишсиз каражат акысын алып, мындай төлөмдүн кайсынысын болбосун Электрондук Төлөм деп иштеткенге акылуу.
  • e. Автоматтык Жаңылоо. Тиешелүү мыйзамда автоматтык жаңылоолорго уруксат берилсе, бекитилген кызмат мөөнөтүндө Кызматтар автоматтык түрдө жаңыланышын тандасаңыз болот. Кайсы болбосун Кызматтар жаңы мөөнөткө жаңыланардан мурда сизге имейл же башка жөндүү ыкмада эскертип, 9(k) бөлүмүнө ылайык кайсы болбосун баа өзгөрүшү тууралуу кабар беребиз. Сиз Кызматтардын автоматтык түрдө жаңылап турууну тандаганыңызды сизге эскерткен соң, сиз Кызматтарды ылдый жакта көрсөтүлгөндөй жокко чыгарууну тандаган болбосоңуз, учурдагы кызмат мезгилинин аягында Кызматтарыңызды автоматтык түрдө жаңылап, жаңылоо мөөнөтү үчүн ошол учурда күчүндө болгон акыны алышыбыз мүмкүн. Биз ошондой эле тандаган төлөм ыкмаңыз менен Кызматты жаңылоо үчүн акыны, ал жаңылоо күнүндө өткөрүлөбү же кийин берилеби, алабыз деп эскертебиз. Ошондой эле Кызматтарды кантип жокко чыгара аларыңыз тууралуу нускама да беребиз. Жаңылоо үчүн акы төлөбөш үчүн Кызматтарды жаңылоо күнүнө чейин жокко чыгарышыңыз керек.
  • f. Онлайн Билдирүү жана Каталар. Microsoft сизге онлайн эсеп берүү билдирүүсүн Microsoft эккаунт башкаруу сайтында берет, сиз ал жерде билдирүүңүздү көрүп жана бастырып алсаңыз болот. Skype үчүн онлайн билдирүүңүздү www.skype.com дарегиндеги экаунтуңузга катталып кирип карай аласыз. Бул биз берген жалгыз гана эсеп берүү билдирүүсү. Эсеп берүүдө ката кетирсек, ката эсебиңизде биринчи пайда болгондон тарта 90 күн ичинде бизге айтышыңыз керек. Биз ошондон кийин акыны кыскача изилдейбиз. Ал убакыт ичинде бизге айтпасаңыз, бизди катадан келип чыккан жоопкерчилик жана жоготуу доолорунан бошотосуз жана мыйзамда башкача каралган болбосо, бизден катаны оңдоп же ордун толтуруу талап кылынбайт. Microsoft эсеп берүү катасын аныктаса, ал катаны 90 күн ичинде оңдойбуз. Бул саясат колдонулушу мүмкүн болгон статут укуктарына таасир этпейт.
  • g. Ордун толтуруу саясаты. Мыйзамда же белгилүү бир Кызмат сунушунда башкача берилбее, сатып алуулардын баары биротоло жана акысы кайтарылбайт. Microsoft сизден ката акы алып алды десеңиз, мындай акы алуудан кийин 90 күн ичинде кайрылышыңыз керек. Мыйзамда башкача талап кылынбаса, 90 күндөн ашкан кайсы болбосун акы үчүн эч кандай кайтарып берүү болбойт. Ордун толтуруу же кредиттерди жеке өзүбүздүн пикирибиз менен чыгаруу укугуна ээбиз. Ордун толтуруу же кредит чыгарсак, келечекте ошол эле же ошондой ордун толтуруу чыгарууга милдеттенме албайбыз. Бул ордун толтуруу саясаты колдонулушу мүмкүн болгон статут укуктарына таасир этпейт. Сураныч, ордун толтуруу боюнча көбүрөөк маалыматты жардам темабыздан караңыз. Тайванда жашасаңыз, Тайвандын Кардарды Коргоо Актысына жана анын тиешелүү ченемдерине ылайык колго кармалбаган форма жана/же онлайн кызматтар аркылуу берилген санарип мазмунга байланышкан сатып алуулардын баары, мындай мазмун же кызмат онлайн берилгенде, акыркы жана орду толтурулгус экенин эске алыңыз. Эч кандай ойлонуу мөөнөтүн же эч кандай ордун толтурууну талап кыла албайсыз.
  • h. Кызматтарды жокко чыгаруу. Кызматты качан болсо, себеп менен же себепсиз жокко чыгара аласыз. Кызматты жокко чыгаруу жана ордун толтурууга акыңыз болсо, аны суроо үчүн Microsoft эккаунтун башкаруу сайтына баш багыңыз. Skype үчүн сураныч, бул жерде берилген маалыматты колдонуп Баш тартуу формасын толтуруңуз. Кызматтарды сүрөттөгөн сунушка кайра шилтемелешиңиз керек, себеби (i) жокко чыгарган учурда кайтарым ала албашыңыз мүмкүн; (ii) жокко чыгарууга акы төлөөгө милдеттендирилишиңиз мүмкүн; (iii) жокко чыгаруу күнүнө чейин Кызматтар үчүн акы чегерүү экаунтуңуздан алынган акылардын баарын төлөөгө милдеттендирилишиңиз мүмкүн; жана (iv) сиз Кызматтарды жокко чыгарганда экаунтуңузду ача жана колдоно албай калышыңыз мүмкүн; же болбосо, Тайванда жашасаңыз, (v) жокко чыгарган учурда эсептелген Кызматка төлөнгөн колдонула элек акыларга барабар өлчөмдө кайтарым алышыңыз мүмкүн. Берилмелериңизди буга чейин 4-бөлүмдө сүрөттөлгөндөй иштетебиз. Жокко чыгарсаңыз, Кызматтарга жеткиңиз ушул Кызмат мезгилинин аягында же экаунтуңуздан мезгилдүү акы алсак, анда сиз жокко чыгарган мезгилдин аягында аяктайт.
  • i. Сынак мезгил сунуштары. Сынак мезгил сунуштарынын кайсынысына болсо да катышып жатсаңыз, биз башкача айтпасак, жаңы акыларга туш болбош үчүн сынак Кызмат(тар)ыңызды сынак мезгилинин аягына чейин жокко чыгарышыңыз керек. Сынак Кызмат(тар)ыңызды сынак мезгилинин аягына чейин жокко чыгарбасаңыз, Кызмат(тар) үчүн акы алышыбыз мүмкүн.
  • j. Сүрөө сунуштары. Microsoft анда-мында Кызматтарды сынак мезгилге бекер сунуштап турушу мүмкүн. Microsoft (өзүнүн жөндүү пикиринде) сиз сунуштун жоболорун кыянаттык менен пайдаланып жатасыз деп аныктаса, мындай Кызматтар үчүн (кадимки баада) сизден акы алганга Microsoft акылуу.
  • k. Баалардын өзгөрүшү. Биз Кызматтардын баасын качан болсо өзгөртүшүбүз мүмкүн жана сиздин кайталануучу сатып алууңуз болсо, баа өзгөрүлөрүнөн кеминде 15 күн мурда имейл же башка жөндүү ыкмада кабар беребиз. Баа өзгөрүшүнө макул болбосоңуз, баа өзгөрүшү күчүнө киргенче Кызматтарды жокко чыгарып, колдонууну токтотушуңуз керек. Кызмат сунушуңуз үчүн бекитилген мөөнөт жана баа болсо, ал баа бекитилген мөөнөткө күчүндө калат.
  • l. Сизге төлөмдөр. Сизге төлөм карыз болсок, биз аны сизге беришибиз керек болгон маалыматтын баарын бизге убагында жана кылдат берүүгө макулсуз. Бул сизге төлөмдүн натыйжасында сиз туш болушуңуз мүмкүн болгон салык жана акылардын баары үчүн сиз жооптуусуз. Кандай болбосун төлөөгө укугуңузга башка шарттардын баарын да аткарышыңыз керек. Төлөмдү ката боюнча алып калсаңыз, аны кайтарып же төлөмдү кайтарууну талап кыла алабыз. Биздин муну кылганга аракеттерибизге жардам берүүгө макулсуз. Буга чейинки ашыкча төлөөлөрдүн кайсынысын болсо да тууралуу үчүн эскертпестен сизге төлөмдү азайта алабыз.
  • m. Белек карттары. Белек карттарын (Skype белек карттарынан башка) ордуна берүү жана колдонуу Microsoft Белек Карттарынын Жоболору жана Шарттарына баш иет. Skype белек карттары боюнча маалымат Skype Жардам бетинде берилген.
  • n. Банк Экаунтунан Төлөө Ыкмасы. Төлөө ыкмасы катары колдонгонго Microsoft экаунтуңуз менен жарактуу банк эсебин каттап алсаңыз болот. Жарактуу банк эсептерине түз дебит жазууларын кабыл алганга жөндөмдүү каржы мекемесинде (мис., Автоматташтырылган Эсептешүү Үйү ("ACH") жазууларын колдоого алган АКШда негизделген каржы мекемеси, Жалгыз Евро Төлөмдөрү Аймагын ("SEPA") колдогон европалык каржы мекемеси же Нидерланддагы "iDEAL") кармалган эсептер кирет. Банк эсебиңизди Microsoft экаунтуңузга төлөө ыкмасы кылып кошуп жатканда сиз макул болгон жоболор (мис., SEPA үчүн - "мандат") да колдонулат. Катталган банк эсебиңиз сиздин атыңызда экенин жана бул банк эсебин төлөө ыкмасы кылып каттап, колдонууга ыйгарым укуктуу экениңизди билдиресиз жана кепилдейсиз. Банк эсебиңизди төлөө ыкмаңыз кылып каттоо же тандоо менен сиз сатып алууңуздун толук өлчөмү же жазылуунун акысы үчүн банк эсебиңизден (жазылуу кызматыңыздын жоболоруна ылайык) бир же андан көп дебит демилгелөөгө (жана зарыл болсо каталарды оңдоо, кайтарым чыгаруу же ошол сыяктуу максатта банк эсебиңизге бир же андан көп кредит демилгелөөгө) Microsoft-ко (же анын агентине) ыйгарым укук бересиз жана банк эсебиңизди кармаган каржы мекемесине мындай дебиттерди кемиткенге же мындай кредиттерди кабыл алганга ыйгарым укук бересиз. Бул ыйгарым укук берүү сиз Microsoft экаунтуңуздан банк эсебиңиздин маалыматын алып салмайынча толук күчүндө болорун түшүнөсүз. Сизден ката менен акы алынды десеңиз, 4(e) бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй кардарларды тейлөөгө болушунча батыраак кайрылыңыз. Өлкөңүздө колдонулган мыйзамдар да банк эсебиңизден кайсы болбосун алдамчылык, ката же ыйгарым укуксуз транзакциялар үчүн сиздин жоопкерчиликти чектеши мүмкүн. Төлөө ыкмаңыз катары банк эсебин каттоо же тандоо менен сиз бул Жоболорду окуп, түшүнүп жана аларга макул болгонуңузду моюнга аласыз.
Толук текст
Талаштарды чечүү үчүн Сүйлөшүүчү тарап, Мыйзам тандоо жана ЖайгашууТалаштарды чечүү үчүн Сүйлөшүүчү тарап, Мыйзам тандоо жана Жайгашуу10_11_contractingEntityChoiceOfLaw
Корутунду

10. Талаштарды чечүү үчүн Сүйлөшүүчү тарап, Мыйзам тандоо жана Жайгашуу. Бекер жана акы төлөнүүчү кардарлык Skype бренддүү Кызматтарын колдонушуңуз үчүн аракеттешүүчүңүз жана бул Жоболордогу "Microsoft" үчүн турган - Skype Communications S.à.r.l, 23 – 29 Rives de Clausen, L-2165 Luxembourg. Акысыз же акы төлөнүүчү керектөөчү Skype эндүү кызматтар үчүн бул Жоболордун түшүнүлүшү жана аларды бузуу доолору мыйзам принциптеринин кагылышына карабай Люксембургдун мыйзамына баш иет. Башка доолордун баары (анын ичинде керектөөчүнү коргоо, адепсиз мелдеш, жана деликт доолору) сиз жашаган провинция же өлкөнүн мыйзамдарына баш иет. Skype эккаунтун түзүү же Skype колдонуу менен бул Жоболорду кабыл алсаңыз, ушул Жоболордон же аларга же Skype эндүү кызматтарга байланыштуу келип чыккан бардык талаштар үчүн Люксембург сотторунун өзгөчө юрисдикциясы жана ордуна биротоло макул болобуз. Башка кызматтардын баары үчүн, Microsoft эккаунтун түзүү же башка кайсы болбосун кызматты колдонуу менен бул Жоболорду кабыл алсаңыз, сиз келишип жаткан тарап, баш ийүүчү мыйзам жана талаштарды чечүүчү жайгашуу төмөндө:

  • a. Канада. Сиз (же ишканаңыз, ишканаңыздын негизги ишмердүүлүгү) Канадада болсоңуз, анда Microsoft Corporation, One Microsoft Way, Redmond, WA 98052, U.S.A. менен келишип жатасыз. Бул Жоболордун түшүнүлүшү, аларды бузуу доолору жана башка доолордун баары (анын ичинде керектөөчүнү коргоо, адепсиз мелдеш, жана деликт доолору) мыйзам принциптеринин кагылышына карабай сиз жашаган (же ишканаңыз, ишканаңыздын негизги ишмердүүлүгү болгон) жердин мыйзамына баш иет. Ушул Жоболордон же аларга же кызматтарга байланыштуу келип чыккан бардык талаштар үчүн Онтариодогу соттордун өзгөчө юрисдикциясы жана ордуна биротоло макул болобуз.
  • b. Кошмо Штаттар жана Канададан тышкары Түндүк же Түштүк Америка Сиз (же ишканаңыз, ишканаңыздын негизги ишмердүүлүгү) Кошмо Штаттар жана Канададан тышкары Түндүк же Түштүк Америкада болсоңуз, анда Microsoft Corporation, One Microsoft Way, Redmond, WA 98052, U.S.A. менен келишип жатасыз. Бул Жоболордун түшүнүлүшү жана аларды бузуу доолору мыйзам принциптеринин кагылышына карабай Уошиңтон штатынын мыйзамына баш иет. Башка доолордун баары (анын ичинде керектөөчүнү коргоо, адепсиз мелдеш, жана деликт доолору) биз кызматтарыңызды багыттаган өлкөнүн мыйзамдарына баш иет.
  • c. Түштүк Чыгыш же Африка. Сиз (же ишканаңыз, ишканаңыздын негизги ишмердүүлүгү) Орто Чыгыш же Африкада болсоңуз жана кызматтардын акысыз бөлүктөрүн (Bing жана MSN сыяктуу) колдонуп жатсаңыз, анда Microsoft Corporation, One Microsoft Way, Redmond, WA 98052, U.S.A. менен келишип жатасыз. Кызматтардын бөлүгүн колдонуу үчүн акы төлөсөңүз, анда Microsoft Ireland Operations Limited, One Microsoft Place, South County Business Park, Leopardstown, Dublin 18, Ireland менен келишип жатасыз. Акысыз же акы төлөнүүчү керектөөчү кызматтар үчүн бул Жоболордун түшүнүлүшү жана аларды бузуу доолору мыйзам принциптеринин кагылышына карабай Ирландиянын мыйзамдарына баш иет. Башка доолордун баары (анын ичинде керектөөчүнү коргоо, адепсиз мелдеш, жана деликт доолору) биз кызматтарыңызды багыттаган өлкөнүн мыйзамдарына баш иет. Ушул Жоболордон же аларга же кызматтарга байланыштуу келип чыккан бардык талаштар үчүн Ирландия сотторунун өзгөчө юрисдикциясы жана ордуна биротоло макул болобуз.
  • d. Өлкөңүздүн аты бул жерде атайы аталбаса, Азия же Түштүк Тынч Океан аймагы. Азияда (Кытай, Жапан, Корея Республикасы же Тайвандан башка) же Түштүк Тынч Океан аймагында жашасаңыз (же ишканалар үчүн - иш-аракет кылган негизги ордуңуз болсо) жана Кызматтардын (Bing жана MSN сыяктуу) акысыз бөлүктөрүн колдонуп жатсаңыз, анда аракеттешүүчүңүз - Microsoft Corporation, One Microsoft Way, Redmond, WA 98052, U.S.A. Кызматтардын бөлүгүн колдонууга төлөгөн болсоңуз же Сингапур же Хоң Коңдо Outlook.com кызматын колдонуп жатсаңыз, анда сиз Microsoft Regional Sales Corp. менен аракеттешип жатасыз, бул корпорация АКШнын Невада штатынын мыйзамдарына ылайык уюштурулган, Сингапур жана Хоң Коңдо бутактары бар жана негизги иш алып барган жери - 438B Alexandra Road, #04-09/12, Block B, Alexandra Technopark, Singapore, 119968; Австралияда жашасаңыз (же ишканалар үчүн - иш-аракет кылган негизги ордуңуз болсо), анда аракеттешүүчүңүз - Microsoft Pty Ltd, 1 Epping Road, North Ryde, NSW 2113, Australia жана Жаңы Зеландияда жашасаңыз (же ишканалар үчүн - иш-аракет кылган негизги ордуңуз болсо), анда аракеттешүүчүңүз - Microsoft New Zealand Limited, Level 5, 22 Viaduct Harbour Avenue, PO Box 8070 Symonds Street, Auckland, 1150 New Zealand. Акысыз жана акы төлөнүүчү Кызматтар үчүн бул Жоболордун түшүнүлүшү жана аларды бузуу доолору мыйзам принциптеринин кагылышына карабай Вашингтон Штатынын мыйзамына баш иет. Башка доолордун баары (анын ичинде керектөөчүнү коргоо, адепсиз мелдеш, жана деликт доолору) биз кызматтарыңызды багыттаган өлкөнүн мыйзамдарына баш иет. Бул Кызмат Жоболорунан же аларга байланыштуу келип чыккан, Skype-тан тышкары, анын ичинде кызматтардын көрсөтүлүшү, жарактуулугу же аякташы боюнча талаштардын баары Сингапур Эл аралык Арбитраж Борборунун (SIAC) Арбитраж Эрежелерине ылайык Сингапурдагы арбитраж тарабынан каралып, акырында чечилмекчи, бул эрежелер бул шартка шилтеме боюнча бириктирилет делет. Трибунал SIAC Президенти дайындай турган бир калыстан турмакчы. Арбитраждын тили англис тили болмокчу. Калыстын чечими акыркы, милдеттендирүүчү жана талашсыз болмокчу жана кайсы өлкө же чөлкөм болбосун өкүмгө негиз болушу мүмкүн.
  • e. Жапония. Сиз (же ишканаңыз, ишканаңыздын негизги ишмердүүлүгү) Жапонияда болсоңуз жана кызматтардын акысыз бөлүктөрүн (Bing жана MSN сыяктуу) колдонуп жатсаңыз, анда Microsoft Corporation, One Microsoft Way, Redmond, WA 98052, U.S.A. менен келишип жатасыз. Кызматтардын бөлүгүн колдонуу үчүн акы төлөсөңүз, анда Microsoft Japan Co., Ltd (MSKK), Shinagawa Grand Central Tower, 2-16-3 Konan Minato-ku, Tokyo 108-0075 менен келишип жатасыз. Акысыз же акы төлөнүүчү керектөөчү кызматтар үчүн бул Жоболор жана алардан же Кызматтардан, же аларга байланыштуу келип чыккан маселелердин баары Жапониянын мыйзамдарына баш иет Ушул Жоболордон же аларга же кызматтарга байланыштуу келип чыккан бардык талаштар үчүн өзгөчө баштапкы юрисдикция жана Токио Дистрикт Сотунун ордуна биротоло макул болобуз.
  • f. Корея Республикасы. Сиз (же ишканаңыз, ишканаңыздын негизги ишмердүүлүгү) Корея Республикасында болсоңуз жана кызматтардын акысыз бөлүктөрүн (Bing жана MSN сыяктуу) колдонуп жатсаңыз, анда Microsoft Corporation, One Microsoft Way, Redmond, WA 98052, U.S.A. менен келишип жатасыз. Кызматтардын бөлүгүн колдонуу үчүн акы төлөсөңүз, анда Microsoft Korea, Inc., 11th Floor, Tower A, K-Twin Tower, Jongro 1 gil 50, Jongro-gu, Seoul, Republic of Korea, 110-150 менен келишип жатасыз. Акысыз же акы төлөнүүчү керектөөчү кызматтар үчүн бул Жоболор жана алардан же Кызматтардан, же аларга байланыштуу келип чыккан маселелердин баары Кореянын мыйзамдарына баш иет Ушул Жоболордон же аларга же кызматтарга байланыштуу келип чыккан бардык талаштар үчүн өзгөчө баштапкы юрисдикция жана Сеул Борбордук Сотунун ордуна биротоло макул болобуз.
  • g. Тайван. Сиз (же ишканаңыз, ишканаңыздын негизги ишмердүүлүгү) Тайванда болсоңуз жана кызматтардын акысыз бөлүктөрүн (Bing жана MSN сыяктуу) колдонуп жатсаңыз, анда Microsoft Corporation, One Microsoft Way, Redmond, WA 98052, U.S.A. менен келишип жатасыз. Кызматтардын бөлүгүн колдонуу үчүн акы төлөсөңүз, анда Microsoft Taiwan Corp., 18F, No. 68, Sec. 5, Zhongxiao E. Rd., Xinyi District, Taipei 11065, Taiwan менен келишип жатасыз. Акысыз же акы төлөнүүчү керектөөчү кызматтар үчүн бул Жоболор жана алардан же Кызматтардан, же аларга байланыштуу келип чыккан маселелердин баары Тайвандын мыйзамдарына баш иет. Microsoft Taiwan Corp. тууралуу көбүрөөк маалымат үчүн К.Р. Экономика иштеринин министрлиги сунуштаган сайтты караңыз. Ушул Жоболордон же аларга же кызматтарга байланыштуу келип чыккан бардык талаштардын үстүнөн юрисдикцияга ээ биринчи инстанциядагы сот катары Тайван мыйзамдарында уруксат берилген эң чоң ченге чейин Тайпей Дистрикт Сотун биротоло дайындайбыз.

Жергиликтүү керектөөчү мыйзамдарыңыз бул Жоболорго карабайталаштарды башка форумда чечүүгө уруксат бериши же айрым жергиликтүү мыйзамдарды талап кылышы мүмкүн. Андай болсо, мыйзам жана форум жоболорун 10-бөлүктөн тандоо жергиликтүү керектөөчү мыйзамдарыңыз уруксат бергенчелик колдонулат.

Толук текст
КепилдиктерКепилдиктер12_Warranties
Корутунду

11. Кепилдиктер.

  • a. MICROSOFT, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БИЗДИН ТУУНДУЛАР, КАЙРА САТУУЧУЛАР, ДИСТРИБЬЮТОРЛОР ЖАНА САТУУЧУЛАР СИЗДИН КЫЗМАТТАРДЫ КОЛДОНУШУҢУЗГА БАЙЛАНЫШТУУ ЭЧ КАНДАЙ АЙКЫН ЖЕ ТУЮНДУРУЛГАН КЕПИЛДИК, ГАРАНТИЯ ЖЕ ШАРТ БЕРБЕЙТ. КЫЗМАТТАРДЫ КОЛДОНУУ ӨЗҮҢҮЗДҮН ТОБОКЕЛИҢИЗГЕ ДЕП ЖАНА БИЗ КЫЗМАТТАРДЫ "БАРДЫК ӨКСҮКТӨРҮ" МЕНЕН ЖАНА "МҮМКҮН БОЛУШУНЧА" "КАНДАЙ БОЛСО ОШОНДОЙ" НЕГИЗДЕ КӨРСӨТӨРҮБҮЗДҮ ТҮШҮНӨСҮЗ. MICROSOFT КЫЗМАТТАРДЫН ТАКТЫГЫНА ЖАНА УБАГЫНДА БОЛУШУНА КЕПИЛДИК БЕРБЕЙТ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ МЫЙЗАМДАРЫҢЫЗГА ЫЛАЙЫК АЙРЫМ УКУКТАРЫҢЫЗ БОЛУШУ МҮМКҮН. АЛ УКУКТАР КОЛДОНУЛСА, БУЛ ЖОБОЛОРДО ЭЧ НЕРСЕ АЛАРДЫ БУЗУУГА БАГЫТТАЛГАН ЭМЕС. КОМПЬЮТЕР ЖАНА ТЕЛЕКОММУНИКАЦИЯ СИСТЕМДЕРИ КАТАСЫЗ БОЛБОЙТ ЖАНА АНДА-МЫНДА ТОКТОП КАЛУУЛАР БОЛОРУН ТААНЫЙСЫЗ. БИЗ КЫЗМАТТАР ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ, ӨЗ УБАГЫНДА, КООПСУЗ, ЖЕ КАТАСЫЗ БОЛОТ ЖЕ МАЗМУН ЖОГОТУУ БОЛБОЙТ ДЕП ДА, КОМПЬЮТЕР ТАРМАКТАРЫНА ТУТАШУУ ЖЕ АЛАРДАН КӨЧҮРҮҮНҮ ДА КЕПИЛДЕБЕЙБИЗ.
  • b. ЖЕРГИЛИКТҮҮ МЫЙЗАМДАРЫҢЫЗГА ЫЛАЙЫК УРУКСАТ БЕРИЛГЕН ЧЕНДЕ БИЗ ТУЮНДУРУЛГАН КЕПИЛДИКТЕРДИН БААРЫН, АНЫН ИЧИНДЕ САТЫЛГЫЧТЫК, КАНААТТАНДЫРАРЛЫК САПАТ, КАЙСЫ БИР МАКСАТКА ЫЛАЙЫКТУУЛУК, ИШТЕРМАНДЫК ТААСИРИ ЖАНА ТАРТИП БУЗБОО ҮЧҮН, ЖОККО ЧЫГАРАБЫЗ
  • c. Австралияда жашаган керектөөчүлөр үчүн: Биздин товарлар Австралия Керектөөчү Мыйзамына ылайык жокко чыгарылбаган гарантиялар менен сатылат. Олуттуу бузулуу үчүн ордун алмаштыруу же акчасын кайтарып алууга жана башка логика менен алдын ала көрө боло турган жоготуу же зыян үчүн ордун толтурууга укуктуусуз. Ошондой эле буюм алгылыктуу сапатта болбосо жана бул кемтик олуттуу кемтик болбосо, буюмду оңдотуп же алмаштырууга укуктуусуз.
  • d. Жаңы Зеландияда жашаган керектөөчүлөр үчүн, сизде Жаңы Зеландия Керектөөчү Гарантиялары Актысына жараша статут укуктары болушу мүмкүн, бул Жоболордогу эч нерсе ал укуктарды бузууга багытталган эмес.
Толук текст
Жоопкерчиликти чектөөЖоопкерчиликти чектөө13_limitationOfLiability
Корутунду

12. Жоопкерчиликти чектөө.

  • a. Тиешелүү мыйзамда уруксат берилген чекте зыяндарды калыбына келтирүүгө (ушул Жоболорду бузууну кошуп) кандай болбосун негизиңиз болсо, Microsoft-тон же кайсы болбосун филиал, кайра сатуучу, таратуучу, Үчүнчү тараптардын колдонмолорун жана кызматтарын камсыздоочулардан жана аткаруучулардан жоготуу же бузуу келип чыккан ай үчүн Кызматтарга төлөгөн акыңызга барабар өлчөмгө чейин (же Кызматтар акысыз болсо, USD$10,00 чейин) тике зыянды калыбына келтирүү сиздин эксклюзивдүү чараңыз экенине макул болосуз.
  • b. Тиешелүү мыйзамда уруксат берилген чекте, кандай болбосун (i) келип чыккан жоготуу же зыяндарды; (ii) болгон же болочок (тике же кыйыр) пайданы жоготууну; (iii) болгон же болочок (тике же кыйыр) кирешени жоготууну; (iv) келишим же ишкананы жоготууну же кызматтарды жеке эмес сапатта колдонууңуздан келип чыккан башка жоготуу же зыяндарды; (v) атайын, кыйыр, кокусунан болгон же жаа иретиндеги жоготуу же зыяндарды; жана (vi) мыйзамда уруксат берилген ченде, өйдөкү 12(a) бөлүгүндө көрсөтүлгөн жогорку чектен ашкан тике жоготуу же зыяндарды ордуна келтире албайсыз. Бул чектөөлөр жана чыгарып таштоолор, бул чара сизге кандай болбосун жоготуу же башкы милдет ишке ашпай калганынын ордун толтуруп бербеген, же биз зыян болушу мүмкүн экенин биз билген же билишибиз керек болгон учурларда колдонулат. Мыйзамда жол берилген ченде бул чектөлөр жана чыгарып таштоолор бул Жоболорго, Кызматтарга же Кызматтарга байланыштуу жумшак жабдууга байланышкан эмне болсо, бардык доолорго тиешелүү.
  • c. Microsoft бул Жоболорго ылайык өз милдеттенмелерин аткарууда кечигүү же аткарбай калуу Microsoft-тун негиздүү көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайга (мисалы, эмгек талаштары, жаратылыш кыяматы, согуш же террористтик ишмердүүлүк, кара ниеттүү зыян, кырсык же тиешелүү мыйзам же өкмөт буйругун аткаруу) жараша келип чыкса, ал кечиккени же аткарбай калганы үчүн жооптуу эмес). Microsoft бул окуялардын кайсынысынын болсо да таасирин азайтып, зыян тартпаган милдеттенмелерин аткарганга күч жумшамакчы.
Толук текст
Кызмат үчүн мүнөздүү жоболорКызмат үчүн мүнөздүү жоболор14_service-SpecificTerms
Корутунду

13. Кызмат үчүн мүнөздүү жоболор. 13-бөлүккө чейинки жана андан кийинки жоболор Кызматтардын баарына жалпысынан тиешелүү. Бул бөлүк кызматтар үчүн мүнөздүү, жалпы жоболорго кошумча болгон жоболорду камтыйт. Жалпы жоболордо кандай болбосун каршылыктар болсо, ушул кызмат үчүн мүнөздүү жоболор тескейт.

Толук текст
Xbox Live жана Microsoft Studios Оюндары жана КолдонмолоруXbox Live жана Microsoft Studios Оюндары жана Колдонмолору14a_XboxLive
Корутунду
  • a. Xbox Live жана Microsoft Studios Оюндары жана Колдонмолору.
    • i. Коммерциялык эмес жеке колдонуу. Xbox Live, Windows Live үчүн оюндар жана Microsoft Studios оюндары, Microsoft сунуштаган колдонмолор, кызматтар жана мазмун (баарын кошкондо "Xbox кызматтары") коммерциялык жеке колдонууңуз үчүн гана.
    • ii. Xbox Кызматтары. Xbox Live-га катталып киргенде жана/же Xbox кызматтарын алганда, оюн ойногонуңуз, иш-аракеттериңиз жана оюндарды жана Xbox кызматтарын колдонууңуз тууралуу маалымат Microsoft жана үчүнчү тарап оюн иштеп чыгуучулары өз оюндарын иштетип жана Xbox кызматтарын көрсөтө алышы үчүн тиешелүү үчүнчү тарап оюн иштеп чыгаруучулар менен бөлүшүлөт. Microsoft Xbox Кызматтар эккаунтуңузду Microsoft-туку болбогон кызматтагы эккаунтуңуз (мисалы, Үчүнчү Тарап Колдонмолорунун же Кызматтарынын Microsoft-тон башка оюн жарыялоочусу) менен байланыштырууну тандасаңыз, анда: (a) Microsoft Купуялык Билдирүүсүндө айтылгандай ал Microsoft эмес тарап менен чектелген эккаунт маалыматыңызды (анын ичинде, чектөөсүз, оюнчу эни, оюнчу упайы, оюн упайы, оюн тарыхы жана достор тизмеси) Microsoft бөлүшө аларына жана (b) Xbox купуялык баптоолоруңузда уруксат берилсе, Microsoft эмес тарап сиз ал Microsoft эмес тарап менен эккаунтуңузга катталып кирип турганда оюн ичиндеги байланышуулардан Мазмунуңузга жетки ала аларына макул болосуз. Ошондой эле, Xbox купуялык баптоолоруңузда уруксат берилсе, Microsoft атыңызды, оюнчу эниңизди, оюнчу сүрөтүңүздү, девиз, аватар, оюн үзүндүлөрүңүздү жана ойногон оюндарыңызды сиз уруксат берген кишилерге байланыштарыңызда жарыялашы мүмкүн.
    • iii. Мазмунуңуз. Xbox Кызматтарынын коомчулугун куруунун бөлүгү катары Microsoft-ко, анын филиалдарына жана сублицензиаттарына кайсы болбосун Xbox Кызматына жарыялаган Мазмунуңузду же атыңызды, оюнчу тэгиңизди, девиз же аватарыңызды колдонуп, өзгөртүп, кайра өндүрүп, таратып, алып берип, бөлүшүп жана көрсөткөнгө эркин жана бүткүл дүйнөлүк укук бересиз.
    • iv. Оюн менежерлери. Айрым оюндар оюн менежерлерин жана ээлерди колдонушу мүмкүн. Оюн менежерлери жана ээлер - расмий эмес Microsoft атынан сүйлөөчүлөр. Алардын көрүүлөрү сөзсүз эле Microsoft-тукун чагылдырышы керек эмес.
    • v. Балдар Xbox-то. Сиз Xbox Live колдонуп жаткан жашы жете элек болсоңуз, ата, эне же камкорчуңуз эккаунтуңуздун көп аспектилерине көзөмөл кылып, Xbox Live колдонууңуз тууралуу баяндамаларды алып тура алат.
    • vi. Оюн валютасы же Виртуалдык буюмдар Кызматтарга виртуалдык, оюн валютасы (алтын, монета же упайлар сыяктуу) кириши мүмкүн, аларды жашаган жериңиздеги "эрезеге жетүү" курагына жеткен болсоңуз Microsoft-тон чыныгы монетардык куралдар аркылуу сатып алса болот. Кызматтарга ошондой эле виртуалдык, санарип нерселер же буюмдар кириши мүмкүн, аларды Microsoft-тон чыныгы монетардык куралдар аркылуу же оюн валютасына сатып алса болот. Оюн валютасы жана виртуалдуу буюмдарды эч качан чыныгы монетардык куралдарга, буюмдарга же монетардык нарктагы башка нерселерге Microsoft же башка бир да тарапка кайтарууга болбошу мүмкүн Оюн валютасын жана виртуалдык буюмдарды Кызматтарда гана урунууга чектелген, жеке, артка кайтарлык, өткөрүп бербегендей, сублицензия бербегендей лицензиядан башка, Кызматтарда пайда болгон же башат алган эч кандай оюн валютасына же виртуалдык буюмдарга, же Кызматтарды урунууга байланышкан же Кызматтардын алкагында сакталган эч кандай атрибуттарга эч кандай укугуңуз жок. Microsoft качан болсо өзүнүн жеке пикиринде туура көргөндө оюн валютасын жана/же виртуалдык буюмдарды жөнгө салып, көзөмөлдөп, өзгөртүп жана/же токтото алат.
    • vii. Жумшак жабдык жаңыртуулары. Xbox кызматтарына туташа алган бардык түзмөктөр үчүн биз Xbox консолуңуздун жумшак жабдыгынын же Xbox Колдонмоңуздун жумшак жабдыгынын версиясын текшерип, Xbox консолунун же Xbox колдонмо жумшак жабдыгынын жаңыртууларын же конфигурация өзгөртүүлөрүн, анын ичинде сизге Xbox Кызматтарына жетки алууга, уруксатсыз Xbox оюндарын же Xbox колдонмолорун колдонууга же Xbox консолу менен уруксатсыз катуу жабдык перифериялык түзмөктөрүн колдонууга жол бербегендерин да, түшүрүшү мүмкүн.
    • viii. Оюнчу энинин убактысы өтүшү. Xbox Кызматтарына жок дегенде беш жылда бир катталып кирип турбасаңыз, эккаунтуңузга байланышкан оюнчу энине жетки ала албай каласыз жана ал оюнчу эни башкаларга колдонууга берилиши мүмкүн.
    • ix. Арена. Арена - Xbox кызматы, ал боюнча Microsoft же үчүнчү тарап сизге атаандаштык видео оюн талашына, кээде байге үчүн, катышууга же аны түзүүгө ("Талаш") мүмкүнчүлүк сунуштай алат. Аренаны колдонууңуз ушул Жоболорго баш ийет жана Талаштын уюштуруучусу талап кылган кошумча Талаш жоболорун, шарттарын жана эрежелерин ("Талаштын Жоболору") катталып жатканда кабыл алышыңызды талап кылышы мүмкүн. Жарактуулук эрежелери болушу жана юрисдикцияга жараша айырмаланышы мүмкүн. Талаштар мыйзам менен тыйуу салынган же чектелген жерлерде жараксыз. Бул Жоболорду (анын ичинде Жүрүм-турум кодексин) же Талаштын Жоболорун бузуу Талаштан айып койууга же жарактан чыгарууга алып келиши мүмкүн. Талаш түзсөңүз, Microsoft (жеке өз пикиринде) ушул Жоболорго туура келбейт деген эч кандай Талаш Эрежелерин талап кыла албайсыз. Microsoft кайсы болбосун Талашты качан болсо жокко чыгарганга акылуу.
    • x. Алдоо жана жумшак жабдыкты бурмалоо. Xbox Кызматтарына туташа алган кайсы болбосун түзмөктү ушул Жүрүм-турум кодексин бузуп алдоого же бурмалоого мүмкүндүк берген уруксат берилбеген катуу жабдык же жумшак жабдык жокпу деп текшерип, анын ичинде сизге Xbox Кызматтарына жетки алганга же алдоого же бурмалоого мүмкүндүк берген уруксат берилбеген катуу жабдык же жумшак жабдык колдонууга жол бербеген Xbox колдонмо жумшак жабдыгынын жаңыртууларын же конфигурация өзгөртүүлөрүн түшүрүшүбүз мүмкүн.
    • xi. Миксер.
      • 1. Миксер экаунттары жана Microsoft экаунттары. Миксер Кызматын Миксер экаунту менен колдонсоңуз, анда колдонууңуз https://mixer.com/about/tos дарегиндеги Миксер Кызмат Жоболорунда камтылган. Миксер Кызматын Microsoft экаунту менен колдонсоңуз, анда колдонууңуз ушул Жоболордо да камтылган. Кайчылаштык болгон жерде ушул Жоболор колдонулат.
      • 2. Миксердеги Мазмунуңуз. "Миксердеги Мазмунуңуз" деген сиз же сиздин атыңыздан бирөө Миксер Кызматында жараткан мазмундун баарын билдирет, ага булар кошулат, бирок булар гана эмес: жандуу жана жаздырылган агымдар (жана алар камтыган аудиовизуалдык мазмун сыяктуу кайсы болбосун мазмун); бренд аттары, соода белгилери, кызмат белгилери, соода аттары, логолор же чыккан жеринин көрсөткүчтөрү; Миксер каналдарындагы жорумдарыңыз, эмотикондоруңуз жана иш-аракеттериңиз (анын ичинде бот жараткан мазмун); жана байланышкан метаберилмелердин баары. Ким болбосун, анын ичинде Microsoft жана колдонуучулар, Миксердеги Мазмунуңузду азыр белгилүү болгон же кийин иштелип чыккан кайсы болбосун түрдө, форматта, каражатта же каналдарда көрүп, колдонуп, өзүнө жайгаштырып, кайра өндүрүп, өзгөртүп, таратып, жарыялап, ачык жана санарип аткарып жана көрсөтүп, которуп, ыңгайлаштырып жана башка жол менен колдоно алат.
      • 3. Миксерге колдонулган Жүрүм-турум кодекси. Microsoft-тун Жүрүм-турум кодекси Миксерге кандай колдонулары тууралуу көбүрөөк бул жерден окуңуз.
      • 4. Миксер Кызматын колдонуу.
        • a. Минималдуу курак. Миксер Кызматын колдонуу менен сиз кеминде 13 жашта экениңизди жана өзүңүз жашаган жерде эрезеге жетүү курагына жете элек болсоңуз, колдонууңузга атаңыз/энеңиз же мыйзамдык камкорчуңуз көз салып турат деп билдиресиз.
        • b. Атын көрсөтпөй жана көрсөтүп колдонуу. Мазмун көрүүнү гана кааласаңыз, Миксерди атыңызды көрсөтпөй колдонсоңуз болот. Антпесе, экаунт түзүп, катталып кирип жана башка колдонуучуларга Миксер атыңыз менен аныкталышыңыз керек.
        • c. Атын көрсөтүп колдонуу үчүн экаунттар. Миксер кызматын атыңызды көрсөтүп колдонуш үчүн Microsoft экаунтун жана/же Mixer экаунтун түзсөңүз болот. Сиз онлайн катталуу менен Миксер экаунтун жарата аласыз. Миксер экаунтуңуз активдүү болушу үчүн аны колдонуп туруш керек. Microsoft экаунтуңузга чырмалган Миксер ылакап атыңызды ээлеш үчүн Миксер Кызматына жок дегенде 5 жылда бир катталып кирип туруш керек.
      • 5. Кызмат эскертүүлөрү. Миксер Кызматы тууралуу сизге бир нерсе айтышыбыз керек болгондо, сизге Миксер экаунтуңуз жана/же Microsoft экаунтуңүз менен чырмалган имейлге Кызмат эскертүүлөрүн жөнөтөбүз.
      • 6. Колдоо. Миксер Кызматы үчүн кардарларды колдоо бул жерде: mixer.com/contact.
Толук текст
ДүкөнДүкөн14b_Store
Корутунду
  • b. Дүкөн. "Дүкөн" сизге колдонмолорду ("колдонмо" атоосуна оюндар да кирет) жана башка санарип мазмунду аралап, түшүрүп алып, сатып алып жана баалоого жана пикир калтырууга мүмкүндүк берген Кызматты туюндурат. Бул Жоболор Office Дүкөнүн, Windows Дүкөнүн жана Xbox Дүкөнүн урунууну камтыйт. "Office Дүкөнү" деген Office өнүмдөрү жана Office, Office 365, SharePoint, Exchange, Access жана Project (2013 нускалары же андан кийинки) үчүн колдонмолдор үчүн Дүкөндү, же болбосо Office Дүкөнү деп брендделген кайсы болбосун башка тажрыйбаны билдирет. "Windows Дүкөнү" телефон, ПК жана таблет сыяктуу Windows түзмөктөрү, же Windows Дүкөнүндө энделген кайсы болбосун тажрыйба үчүн Дүкөндү билдирет. "Xbox Дүкөнү" Xbox One жана Xbox 360 консолдору үчүн Дүкөндү же Xbox Дүкөнү деп брендделген кайсы болбосун башка тажрыйбаны билдирет.
    • i. Лицензия жоболору. Биз тиешелүү Дүкөндө мүмкүн болгон ар бир колдонмонун жарыялоочусун аныктайбыз. Колдонмо менен башка лицензиялык жоболор берилбесе, бул Жоболордун аягындагы Стандарт Колдонмо Лицензия Жоболору ("SALT") - сиз Windows Дүкөнү же Xbox Дүкөнү аркылуу түшүрүп алган колдонмону урунушуңузга, эгер колдонмо менен башка лицензия жоболору берилбесе, колдонулуучу лицензия жоболорун аныктаган колдонмо жарыялоочусу менен сиздин ортоңордогу макулдашуу. Тактык үчүн бул жоболор Microsoft Кызматтары камсыздаган кызматтарды колдонууну камтыйт. Бул Жоболордун 5-бөлүгү Дүкөн аркылуу алынган кайсы болбосун Үчүнчү Тарап Колдонмолоруна жана Кызматтарына да колдонулат. Office Дүкөнүнөн түшүрүп алынган колдонмолор SALT менен камтылбайт жана аларга өзүнчө лицензия жоболору колдонулат.
    • ii. Жаңыртуулар. Сиз тиешелүү Дүкөнгө катталган эмес болсоңуз да, Microsoft сиздин колдонмолорго жаңыртууларды автоматтык түрдө текшерип, түшүрүп алып турат. Дүкөн колдонмолоруна автоматтык жаңыртууларды алып турууну каалабасаңыз, Дүкөн же систем баптоолоруңузду өзгөртсөңүз болот. Ошентсе да, толугу менен же жарым-жартылай онлайн жайгашкан айрым Office Дүкөн колдонмолору колдонмону иштеп чыгуучу тарабынан каалаган учурда жаңыртылып, жаңыртуу үчүн сиздин уруксатты талап кылбашы мүмкүн.
    • iii. Баалар жана Пикирлер. Дүкөндөгү колдонмону же башка Санарип Буюмду баалап же пикир жазсаңыз, Microsoft-тон колдонмонун же Санарип Буюмдун жарыялоочусунан мазмун камтыган имейл алышыңыз мүмкүн. Мындай имейлдин кайсынысы болбосун Microsoft-тон келет; биз имейл дарегиңизди сиз Дүкөн аркылуу алган колдонмолордун же Санарип Буюмдардын жарыялоочулары менен бөлүшпөйбүз.
    • iv. Коопсуздук сактоосу. Мүмкүн болгон зыян, ыңгайсыздык же көздүн чыңалышына жол бербеш үчүн оюндарды же башка колдонмолорду урунуудан, өзгөчө колдонуунун натыйжасында оору же чарчоо сезсеңиз, маал-маалы менен эс алып турушуңуз керек. Ыңгайсыз сезип жатсаңыз, тыныгуу алыңыз. Ыңгайсыз сезүүгө жүрөк айлануу, чайпалгандай сезүү, баш айлануу, тегеренип калуу, баш оору, чарчоо, көздүн чыңалышы же кургашы кириши мүмкүн. Колдонмолорду урунуу сизди алаксытып, айланаңызды тозуп калышы мүмкүн. Жол азабынан, тепкичтен, жапыз шыптан, зыянга учурашы мүмкүн морт же баалуу нерселерге жолобоңуз. Колдонмолордо болушу мүмкүн жарк-журк эткен жарык же оймолор сыяктуу айрым визуалдык элестерге дуушар болгондо элдин кичине гана бөлүгүнүн оорусу кармашы мүмкүн. Мурда эч качан оору кармабаган кишилер да мындай оору кармоосуна алып келүүчү диагноздолбогон абалга туш болушу мүмкүн. Симптомдорго баш айлануу, башкача көрүү, тарамышы түйүлүү, буту-колдун тартылышы же титиреши, дезориентация, акыл-эсти жоготуу же конвульсиялар кириши мүмкүн. Бул симптомдордун кайсынысына болсо да туш болсоңуз, урунууну дароо токтотуп, догдурдан кеңеш алыңыз же оору кармоого байланышкан симптомдорго муда туш болгон болсоңуз, колдонмолорду урунардан мурда догдурдан кеңеш алыңыз. Ата-энелер балдарынын колдонмо урунушун оору кармашынын симптомдору жокпу деп байкай жүрүшү керек.
Толук текст
Microsoft Үй-бүлө өзгөчөлүктөрүMicrosoft Үй-бүлө өзгөчөлүктөрү14c_MicrosoftFamily
Корутунду
  • c. Microsoft Үй-бүлө өзгөчөлүктөрү. Ата-энелер жана балдар өз үй-бүлөсүндө кандай жүрүм-турум, вебсайттар, колдонмолор, оюндар, физикалык жайгашуулар жана коротуулар туура экенин бирдей түшүнүүнүн негизинде ич ара ишенимге жетишүү үчүн Microsoft үй-бүлө өзгөчөлүктөрүн урунса болот. Ата-энелер https://account.microsoft.com/family дарегине барып (же өзүнүн Windows түзмөгүндөгү же Xbox консолундагы нускамаларды аткарып), балдарын же башка ата-энелерди кошулууга чакыруу менен үй-бүлө түзсө болот. Үй-бүлө мүчөлөрүнө жеткиликтүү өзгөчөлүктөр көп, ошондуктан үй-бүлө түзгөнгө же үй-бүлөгө кошулганга макул болуп же үй-бүлөңүз ача алган Санарип Буюмдарды сатып алып жатканда берилүүчү маалыматты кылдат карап чыгыңыз. Үй-бүлө түзүү же ага кошулуу менен сиз үй-бүлөнү анын максаты боюнча колдонгонго жана аны башка кишинин маалыматына мыйзамсыз жетки алганга ыйгарым укуксуз жолдо колдонбогонго макул болосуз.
Толук текст
Топ билдирүүлөрүТоп билдирүүлөрү14d_GroupMessaging
Корутунду
  • d. Топ билдирүүлөрү. Түркүн Microsoft кызматтары аркылуу сиз үн же SMS ("билдирүүлөр") аркылуу башкаларга билдирүү жөнөтө аласыз, жана/же Microsoft жана Microsoft көзөмөлдөгөн өнөктөр сизге жана сиздин атыңыздан бир же андан көп колдонуучуга мындай билдирүүлөрдү жөнөтө алат. СИЗ ӨЗҮҢҮЗГӨ ЖЕ БАШКАЛАРГА МЫНДАЙ БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ ЖӨНӨТҮҮГӨ MICROSOFT-КО MICROSOFT КӨЗӨМӨЛДӨГӨН ӨНӨКТӨРГӨ ЖУМШОО БЕРГЕНДЕ, СИЗ ӨЗҮҢҮЗ ДА, БИЗГЕ БИЛДИРҮҮ ЖӨНӨТҮҮГӨ ЖУМШОО БЕРГЕН АР БИР АДАМ ДА МЫНДАЙ БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ ЖАНА MICROSOFT ЖАНА MICROSOFT КӨЗӨМӨЛДӨГӨН ӨНӨКТӨРДӨН БАШКА АДМИНИСТРАТИВДИК ТЕКСТ БИЛДИРҮҮЛӨРҮНҮН БААРЫН АЛГАНГА МАКУЛ ЭКЕНИН ТУЮНДУРАСЫЗ ЖАНА КЕПИЛДЕЙСИЗ. "Административдик текст билдирүүлөрү" - белгилүү бир Microsoft кызматынан маал-маалы менен келип турчу транзакциялык билдирүүлөр, аларга "саламдашуу кабар" же билдирүүлөрдү алууну кантип токтотуу керек деген сыяктуу билдирүүлөр жана башкалар кирет. Сиз же мындан ары мындай билдирүүлөрдү алгысы келбеген топ мүчөлөрү каалаган убакта берилген нускамаларды аткаруу менен Microsoft же Microsoft көзөмөлдөгөн өнөктөрдөн мындан аркы билдирүүлөрдү албоону тандасаңар болот. Мындан ары мындай билдирүүлөрдү алгыңыз же топко катышкыңыз келбесе, тиешелүү программа же кызмат берген нускамалар аркылуу чыгууну тандаарыңызга макул болосуз. Топ мүчөсү мындан ары мындай билдирүүлөрдү алгысы же топко катышкысы келбейт деп ойлоого себебиңиз болсо, аларды топтом алып салууга макул болосуз. Сиз ошондой эле өзүңүз да, бизге билдирүү жөнөтүүгө жумшоо берген ар бир адам да топтун ар бир мүчөсү өзүнүн мобилдик оператору баалаган билдирүү акысын, анын ичинде билдирүү АКШда негизделген номурлардан өткөрүп берилгенде колдонулушу мүмкүн болгон бардык эл аралык билдирүү акыларын, төлөө үчүн жооптуу экенин түшүнөрүн туюндурасыз жана кепилдейсиз.
Толук текст
Skype жана GroupMeSkype жана GroupMe14e_Skype
Корутунду
  • e. Skype жана GroupMe.
    • i. Кырсык кызматтарына жетки жок. Салттуу телефон кызматтары менен Skype-тын ортосунда маанилүү айырмалар бар. Эч бир тиешелүү жергиликтүү же мамлекеттик ченемдер, эрежелер же мыйзам Skype-тан Кырсык Кызматтарына жетки сунуштоону талап кылбайт. Skype-тын жумшак жабдыгы жана өнүмдөрү ооруканалардын, укук коргоо мекемелеринин, медициналык кароо бөлүмдөрүнүн бир да түрүнө кырсык чалууларын же колдонуучуну кырсык кызматтарынын кызматкерлери же коомдук коопсуздукка жооп берүү түйүндөрү менен байланыштырган башка кызмат түрлөрүн колдоого же аткарууга багытталган эмес ("Кырсык кызматтары"). Буларды тааныйсыз жана макулсуз: (i) Кырсык кызматтарына жетки сунуштаган салттуу зымсыз (мобилдик) же бекитилген линия телефон кызматтары сатып алуу - сиздин жоопкерчилик жана (ii) Skype негизги телефон кызматыңыздын ордун баспайт.
    • ii. APIлер же Алып берүү. Кандай болсо да алып берүү менен байланышта Skype колдонгуңуз келсе, https://www.skype.com/go/legal.broadcast дарегиндеги "Алып берүү Кызмат жоболорун" аткарышыңыз керек. Skype аркылуу чыккан же мүмкүн болгон кайсы болсо да колдонмо программа интерфейсин ("API") колдонгуңуз келсе, тиешелүү лицензиялоо жоболорун аткарышыңыз керек, алар бул жерде: www.skype.com/go/legal.
    • iii. Туура колдонуу саясаттары. Туура колдонуу саясаттары Skype колдонууңузга колдонулушу мүмкүн. Сураныч, бул саясаттарды карап чыгыңыз, алар алдамчылык жана кыянаттыктан коргоого арналган жана сиз жасай алган чалуу же билдирүүлөрдүн түрү, узактыгы же көлөмүнө чек коюшу мүмкүн. Бул саясаттар ушул Жоболорго шилтеме аркылуу кошулган. Бул саясаттарды бул жерден тапса болот: https://www.skype.com/go/terms.fairusage/.
    • iv. Карта түзүү. Skype карта түзүү кызматына маалымат берүү же өзүңүздү картада көрсөтүүгө жол берген өзгөчөлүктөрдү камтыйт. Бул өзгөчөлүктөрдү колдонсоңуз, https://www.google.com/intl/en_ALL/help/terms_maps.html дарегиндеги бул Жоболорго жана Google Карталар жоболоруна же өлкөңүздө мүмкүн болгон ушундай Google Maps жоболоруна макул болосуз.
    • v. Өкмөттүк колдонуучулар. АКШ Өкмөтүнүн же АКШ Өкмөтүнүн агенттигинин атынан бизнес экаунтун же Skype Manager колдонгуңуз келсе, бул Жоболор ал колдонууга колдонулбайт. Тиешелүү жоболорду жана мындан аркы маалыматты бул жерден сураңыз: usgovusers@skype.net.
    • vi. Жеке/Коммерциялык эмес колдонуу. Skype сиздин жеке жана коммерциялык колдонууңуз үчүн. Жумуштан Skype-ты жеке иштиктүү байланыштарыңызга колдонууга укуктуусуз.
    • vii. Skype номур/Skype To Go. Skype сизге Skype номурду же Skype To Go номурун берсе, сиз ал номурга ээлик кылам же ал номурду биротоло менчиктөөгө укуктуумун дебегенге макулсуз. Айрым өлкөлөрдө номурду сизге Skype эмес, Skype өнөк мүмкүн кылышы мүмкүн жана мындай өнөк менен өзүнчө макулдашууга киришиңиз керек болушу мүмкүн.
    • viii. Skype Manager. A "Skype Manager Админ Экаунтун" ишкердик тарап эмес, Skype Manager тобунун жеке администратору катары иш алып барып сиз түзүп жана башкарасыз. Жеке Microsoft экаунтуңузду Skype Manager тобуна байланыштырсаңыз болот ("Байланышкан Экаунт"). Skype Manager тобуңузга кошумча администраторлорду алардын бул жоболорго макулдугун алып туруп дайындасаңыз болот. Туташтырылган эккаунтка Skype номурларын койсоңуз, Туташтырылган эккаунтуңуздун колдонуучуларынын жашаган жери же жайгашуусуна байланышкан талаптардын баарынын аткарылышы үчүн жооптуусуз. Байланышкан Экаунтту Skype Manager тобунан ажыратууну чечсеңиз, кайсы болбосун дайындалган жазылуулар, Skype Кредит же Skype Сандары орду толтурулма болбойт жана байланышпаган экаунтка тиешелүү Мазмунуңуз же материалыңыз сизге жеткиликтүү болбой калат. Туташтырылган эккаунтуңуздагы кандай болбосун жеке маалыматты бардык тиешелүү берилме коргоо мыйзамдарына ылайык иштетүүгө макулсуз.
    • ix. Skype акылары. Skype акы төлөнүүчү өнүмдөрүнө баалардын баары, башкача айтылбаган болсо, тиешелүү салыктарды камтыйт. Жазылуудан тышкары телефондорго чалуу үчүн төлөнүүчү акылар туташуу акысынан (чалуу сайын бир жолу алынуучу) жана www.skype.com/go/allrates аныктаган мүнөтүнө тарифтен турат. Чалуу акылары Skype кредит теңдемиңизден алынмакчы. Skype мындай өзгөрүүнү www.skype.com/go/allrates бетине жарыялоо менен чалуу бааларын каалаганда өзгөртө алат. Жаңы тариф жарыялангандан кийин чалууларыңызга колдонула баштайт. Сураныч, чалардан мурун акыркы тарифтерди текшериңиз. Бөлчөк чалуу мүнөттөрү жана бөлчөк акылар кийинки бүтүн бирдикке чейин тегеректелет. Айрым өлкөлөрдө Skype акы төлөнүүчү өнүмдөрүн Skype-тын жергиликтүү өнөгү жеткирет жана мындай транзакцияларга өнөктүн колдонуу жоболору колдонулат.
    • x. Skype кредит. Skype кредит теңдемиңизди Skype акы төлөнүүчү өнүмдөрүнүн баарын сатып алууга колдоно аласыз деп Skype гарантия бербейт. Skype Кредитиңизди 180 күн бою колдонбосоңуз, Skype Кредитиңизди Skype активдүү эмес статуска койот. Skype кредитин https://www.skype.com/go/store.reactivate.credit дарегиндеги кайра жандандыруу шилтемеси аркылуу кайра жандандырса болот. Жапонияда жашап туруп Skype Кредитин Skype вебсайтынан сатып алсаңыз, буга чейинки эки сүйлөм сизге тиешеси жок жана Skype Кредитиңиздин мөөнөтү сатып алгандан 180 күндөн кийин өтөт. Кредитиңиздин мөөнөтү өткөндөн кийин аны кайра активдештирип же колдоно албай каласыз. Skype кредит сатып алып жаткандай тиешелүү кутуну белгилөө менен авто кайра толтуруу өзгөчөлүгүн жандырса болот. Ишке киргизилген болсо, Skype теңдемиңиз Skype койгон чектен ылдый түшкөн сайын Skype Кредит теңдемиңиз ошол эле өлчөм жана сиз тандаган төлөө ыкмаңыз менен маал-маалы менен кайра толтурулат. Жазылууну кредит карты, PayPal же Moneybookers-тен (Skrill) башка төлөө ыкмасы менен сатып алсаңыз жана авто кайра толтурууну жандырып койсоңуз, Skype кредит теңдемиңизден кийинки келүүчү жазылууңузду сатып алууга зарыл өлчөмдө акы алынат. Skype-тагы экаунт порталыңыздагы баптоолоруңузду ачып, өзгөртүү менен Авто кайра толтурууну иштен чыгарсаңыз болот.
    • xi. Эл аралык билдирүү жөнөтүү акылары. GroupMe азыркы убакта ар бир түзүлгөн топ үчүн АКШда негизделген номурларды урунат. GroupMe номурунан жөнөтүлгөн же алынган ар бир текст билдирүүсү Кошмо Штаттардан жөнөтүлгөн же алынган эл аралык текст билдирүүсү деп эсептелет. Сураныч, ага байланышкан эл аралык тарифтерди провайдериңизден сурап билиңиз.
    • xii. Акча жиберүү жана алуу. Акча жиберүү жана алуу өзгөчөлүгүн колдонуп (эгер болсо), сиз төлөө кызматтарын көрсөтүү жана өткөрүүлөргө таасир этүү үчүн Skype үчүнчү тараптарды колдонорун түшүнөсүз. Skype төлөө кызматтарын көрсөтпөйт жана өткөрүүлөргө таасир этпейт жана акча кызматтарын көрсөткөн ишкана эмес. Skype-та акча жиберүү жана алуу 18 жашар жана андан улуу (же үчүнчү тараптардын жоболоруна ылайык) жана үчүнчү тарап болгон жеткирүүчүдөн эсеп алганга катталып, жактырылган колдонуучуларга гана жеткиликтүү болот. Акча жиберүү өзгөчөлүгүн колдонуш үчүн үчүнчү тараптардын жоболоруна жана шарттарына кол коюп, кызмат көрсөтүү максаттары үчүн ал үчүнчү тараптар менен берилмелерди бөлүшүүгө уруксаттарды көрсөтүшүңүз талап кылынышы мүмкүн. Skype акча жиберүү жана алуу өзгөчөлүгүн колдонушуңуз үчүнчү тараптардын жоболоруна жана шарттарына туура келбейт деп эскертүү алса, Skype экаунтуңузду жокко чыгаруу же токтотуу сыяктуу экаунтуңузга каршы чара көрүүгө мажбур болушу мүмкүн. Үчүнчү тараптар камсыздаган төлөө кызматтары же үчүнчү тараптардын жоболору жана шарттары боюнча көрүлгөн чаралар үчүн Skype же Microsoft жооптуу болбойт. Акча жиберүү жана алуу өзгөчөлүгү жеткиликтүү болот же жеткиликтүү бойдон калат деп Skype эч кандай гарантия, билдирүү же кепилдик бербейт.
Толук текст
Bing жана MSNBing жана MSN14f_BingandMSN
Корутунду
  • f. Bing жана MSN.
    • i. Bing жана MSN материалдары. Bing жана MSN ичинде, анын ичинде Microsoft боттору, колдонмолору жана програмдары аркылуу, жеткиликтүү болгон макалалар, текст, фотолор, карталар, видеолор, видео ойноткучтар жана үчүнчү тараптардын материалдары коммерциялык эмес жеке колдонууга гана берилет. Башка колдонуулар, анын ичинде ал материалдарды түшүрүп алуу, көчүрмөлөө же кайра таратуу же ал материалдарды же өнүмдөрдү өз өнүмдөрүңүздү курууга колдонууга Microsoft же укук ээлери, же болбосо тиешелүү автордук укук атайын уруксат берген ченде гана уруксат берилет. Microsoft лицензия жоболоруна ылайык туюк түрдө, эстоппел же башкача ачык эмес берген материалга укуктардын баары Microsoft же башка укук ээлеринде калат.
    • ii. Bing Карталар. Кошмо Штаттардын, Канада, Мексика, Жаңы Зеландия, Австралия же Жапониянын Куш канатында сүрөттөрүн биздин жазуу жүзүндөгү өзүнчө жактыруубузсуз өмкөттүк колдонууга ала албайыз.
    • iii. Bing Жайлары жана Bing Өндүрүүчү Борбору. Bing Жайларына же Bing Өндүрүүчү Борборуна Берилмелериңизди же Мазмунуңузду бергенде, сиз Microsoft-ко кызматтын бөлүгү катары аларды колдонууга, кайра жаратууга, сактоого, өзгөртүүгө, жыйууга, сүрөөгө, өткөрүп берүүгө, көрсөтүүгө же таратууга бүткүл дүйнөлүк, ройалтисиз интеллектуалдык мүлк лицензиясын жана ал укуктарды үчүнчү тараптарга сублицензиялоого укук бересиз.
Толук текст
CortanaCortana14g_Cortana
Корутунду
  • g. Cortana.
    • i. Коммерциялык эмес жеке колдонуу. Cortana - Microsoft-тун жеке жардамчы Кызматы. Cortana аркылуу берилген өзгөчөлүктөр, кызматтар, мазмун жана Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтары (жалпысынан "Cortana Кызматтары") жеке жана коммерциялык эмес колдонушуңузга гана арналган.
    • ii. Функциялар жана мазмун. Cortana айрымдары жекелештирилген өзгөчөлүктөрдүн катарын көрсөтөт. Cortana Кызматтары сизге башка Microsoft Кызматтары же Үчүнчү тараптык колдонмолдор жана кызматтар көрсөткөн кызматтарды, маалымат же функцияларды алганга мүмкүндүк бериши мүмкүн. 13-бөлүмдүн кызматка тиешелүү Жоболору да Cortana Кызматтары аркылуу алынган тиешелүү Microsoft Кызматтарын колдонушуңузга тиешелүү. Cortana пландоо максаттарыңыз үчүн гана маалымат берет жана бул маалыматты кароодо жана ага таянууда өзүңүздүн көз карандысыз ой жүгүртүүңүздү иштетишиңиз керек. Microsoft Cortana берген жекелештирилген тажрыйбалардын ишенимдүү, мүмкүн же убагында болушун кепилдебейт. Cortana байланышты башкаруу өзгөчөлүгү сизди байланыш же эскертме алуу, кароо же жөнөтүүдөн кечиктирип же жол бербей жатса, Microsoft жооптуу эмес.
    • iii. Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтары. Cortana Кызматтарын жеткирүүнүн бөлүгү катары Cortana Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтары менен сиздин индекс же Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтары сурамыңызды аткарыш үчүн кайтарылган суроолор жана жооптор сыяктуу маалыматты алмашышы мүмкүн. Экаунттарды байлоо аркылуу Cortana колдонуучу ал Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтары менен тике түзгөн экаунт жактыруулары жана баптоолору менен Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтары аркылуу сатып алууларды аткарууга мүмкүндүк бериши мүмкүн. Колдонуучулар экаунт байлоону качан болсо ажырата алат. Үчүнчү тараптардын колдонмолору жана кызматтарын колдонууңуз ушул Жоболордун 5-бөлүмүндө каралган. Үчүнчү тараптардын колдонмолорун жана кызматтарын жарыялоочулар сизге өздөрүнүн Үчүнчү тараптардын колдонмолорунун жана кызматтарынын функцияларын же өзгөчөлүктөрүн же Cortana менен кошуусун өзгөртүшү же токтотушу да мүмкүн. Өндүрүүчү камсыздаган жумшак жабдык же бекем жабдык үчүн Microsoft жооптуу эмес.
    • iv. Cortana ишке киргизген түзмөктөр. Cortana иштеткен түзмөктөр - бул Cortana Кызматтарына жетки алганга иштетилген өнүмдөр же түзмөктөр же Cortana Кызматтарына шайкеш түзмөктөр жана өнүмдөр. Cortana ишке киргизген түзмөктөргө Microsoft ээлик кылбаган, чыгарбаган же иштеп чыкпаган үчүнчү тараптардын түзмөктөрү же өнүмдөрү кирет. Ал үчүнчү тараптардын түзмөктөрү жана өнүмдөрү үчүн Microsoft жооптуу эмес.
    • v. Жумшак жабдык жаңыртуулары. Cortana Кызматтарына туташа алган кайсы болбосун түзмөк үчүн Cortana Кызматтарынын сиздеги жумшак жабдык версиясын автоматтык түрдө текшерип, жумшак жабдык жаңыртууларын же конфигурация өзгөрүшүн түшүрүп алып же Cortana ишке киргизген түзмөктөрдүн өндүрүүчүлөрүнөн Cortana кызматтарынын жумшак жабдыгын жаңы бойдон кармоону талап кыла алабыз.
Толук текст
Outlook.comOutlook.com14h_Outlook_com
Корутунду
  • h. Outlook.com. Outlook.com кат алууңуз же Microsoft эккаунтуңуз активдүү болсо, Сиз Microsoft эккаунтуңузду түзүү үчүн колдонгон Outlook.com (же @msn, @hotmail же @live) имейл дареги жеке сиз үчүн гана болот. Outlook.com кат алууңузду же Microsoft эккаунтуңузду өзүңүз жапсаңыз же Microsoft ушул Жоболордун аркасында жапса, имейл дареги же колдонуучу аты системибизге кайра аралашып, башка колдонуучуга дайындалышы мүмкүн.
Толук текст
Office КызматтарыOffice Кызматтары14i_officeBasedServices
Корутунду
  • i. Office Кызматтары. Office 365 Үй, Office 365 Жеке, Office 365 Университет, Office Online, Sway, OneNote.com жана башка каалаган Office 365 жазылуусу же Office бренддүү Кызматтар сизде Microsoft менен өзүнчө макулдашуу боюнча коммерциялык колдонууга укуктарыңыз болбосо, өзүңүздүн жеке, коммерциялык эмес колдонууңузга гана арналган.
Толук текст
Microsoft Ден соолук КызматтарыMicrosoft Ден соолук Кызматтары14j_MicrosoftHealthServices
Корутунду
  • j. Microsoft Ден соолук Кызматтары.
    • i. HealthVault. HealthVault ден соолукка байланышкан жеке маалыматыңызды жана башкалар (мисалы, үй-бүлөңүз) жөнүндө маалыматты алардын макулдугу менен сакташыңызга арналган. HealthVault экаунттары дарыгерлер колдонууга же башка эч бир коммерциялык же жеке эмес максатка арналган эмес. Эккаунтуңуздагы маалымат дайыма эле кылдат же жаңы боло бербейт жана дарыгерлер аны маалымат катары гана көрүшү керек. HealthVault Кызматы дарыгерлер үчүн же башка медициналык же башкаруу максаттарындагы жазууларды камтыбайт. Мисалы, HealthVault жазуулары АКШ ченемдик документтеринде аныкталган боюнча арналган жазуу топтомдоруна кирбейт. Дарыгер HealthVault-тон алынган кайсы бир берилмелерди анын жазууларына кошууну чечсе, ал көчүрмөсүн анын өз системине сактап коюшу керек. Эккаунтуңуздагы жазуунун теңата ээси болсо (бирөөңөр башкаңарды чакырып), теңата ээ ал жазууну толук көзөмөлдөй аларын түшүнөсүз: жазууга жеткиңизди токтото, жазууга башкалардын жеткисин башкара, жазуу качан жана кантип колдонулганын кошуп берилмелерин көрө алат. Microsoft-туку эмес болгон аныктагычтарды (мисалы, Facebook жана OpenID) Microsoft колдобогондуктан, алар үчүн HealthVault керектөөчүнү колдоо катталып кирүү көйгөйлөрүндө жардам бере албайт. Катталып кирүү аныктагычтарыңызды жоготсоңуз же аларды алган эккаунтуңуз жабылса, сакталган берилмелериңизди калыбына келтире албай каласыз. Узакка жетки алууга жардам берүү үчүн HealthVault эккаунтуңуз менен бирден көп катталып кирүү аныктагычтарын колдонууну сунуштайбыз. Сиз колдонгон Microsoft-туку болбогон аныктагычтарды Microsoft колдоп же көзөмөлдөбөйт жана иштеши, колдоосу же коопсуздугу үчүн жооп бербейт.
    • ii. Microsoft Band. Microsoft Band түзмөгү жана колдонмосу - медициналык түзмөктөр эмес жана ден соолук чыңдоо максаттарына гана арналган. Алар ооруну же башка абалдарды аныктоодо же ооруну же башка абалдарды айыктыруу, жеңилдетүү, дарылоо же алдын алууда колдонууга долбоорлонгон же арналган эмес. Сиз Microsoft Band-дан алган маалыматтын негизинде жасаган кандай болбосун чечим үчүн Microsoft жооптуу эмес.
Толук текст
Санарип БуюмдарСанарип Буюмдар14k_DigitalGoods
Корутунду
  • k. Санарип Буюмдар. Microsoft Groove, Microsoft Кино жана ТК, Дүкөн жана башка кайсы болбосун байланышкан жана болочок кызматтар аркылуу Microsoft сиз санарип түрдө ала алган музыка, сүрөттөр, видео, текст, китептер, оюндар же башка материалды ("Санарип Буюмдарды") алууга, угууга, көрүүгө, ойноого же окууга мүмкүндүк бериши мүмкүн. Санарип Буюмдар сиздин жеке, коммерциялык эмес жана көңүл ачуу колдонууңуз үчүн гана. Сиз Санарип Буюмдардын эч бир көчүрмөлөрүн кайра таратпоого, алып бербөөгө, эл алдында аткарбоого же эл алдына коюп же өткөрбөөгө макул болосуз. Санарип Буюмдар Microsoft же үчүнчү тараптарга таандык болушу мүмкүн. Бардык жагдайларда сиз Санарип Буюмдар боюнча укуктарыңыз ушул Жоболор, автордук укук мыйзамы жана https://go.microsoft.com/fwlink/p/?LinkId=723143 дарегинде жайгашкан колдонуу эрежелери менен чектелгенин түшүнөсүз жана моюнга аласыз. Кызматтардын кайсынысынан болбосун алган Санарип Буюмдардын кайсынысын болбосун эч кандай максатта, анын ичинде Санарип Буюмдардын ээлигин же булагын жашыруу же өзгөртүү максатында, өзгөртүүгө аракет кылбоого макул болосуз. Microsoft жана/же Санарип Буюмдардын ээлери анда-мында Санарип Буюмдарды Кызматтардан эскертүүсүз алып сала алат.
Толук текст
OneDriveOneDrive14l_OneDrive
Корутунду
  • l. OneDrive.
    • i. Сактагычтын жайгашуусу. OneDrive экаунтуңузда OneDrive үчүн акысыз же акы төлөнүүчү жазылуу кызматыңыздын жоболору боюнча берилген орундан көп мазмунуңуз болсо жана экаунтуңуздан ашыкча мазмунду алып салуу менен оңдоо же сактагычы көбүрөөк жаңы жазылуу планына жылуу тууралуу Microsoft-тун эскертмелерине жооп бербесеңиз, биз экаунтуңузду жаап, OneDrive-дагы Мазмунуңузга жеткини алып таштап же иштен чыгарууга акыбыз бар.
    • ii. Кызматтын аткарылышы. Жабдууңуз, интернетке туташууңуз жана Microsoft өз кызматынын аткарылышына жана бүтүндүгүнө жетишүүгө аракеттери сыяктуу факторлорго жараша OneDrive-дагы мазмунду жүктөө же синхрондоодо кээде кечигүүлөр болушу мүмкүн.
Толук текст
Microsoft RewardsMicrosoft Rewards14m_MicrosoftRewards
Корутунду
  • m. Microsoft Rewards.
    • i. Програм. Microsoft Rewards ("Програм") электен өткөн издөөлөр, ээликке алуулар сыяктуу иштер, Microsoft Edge менен активдүү бир нерсе карап өткөргөн убактыңыз жана Microsoft-тон башка сунуштар үчүн кийин активдештирсе болгон упай тапканга жол берет. Сунуштар базарга жараша айырмаланышы мүмкүн. Издөө - бул жеке колдонуучу өзүнүн изилдөө максаттары үчүн Bing издөө натыйжаларын алуу максатында жакшы ойдо өз колу менен текст киргизген иш-аракет жана бот, макрос же башка кандай болбосун автоматташтырылган же жасалма каражат киргизген эч бир сурамды камтыбайт ("Издөө"). Ээликке алуу - Microsoft-тон бекер же акы төлөп буюмдарды сатып алуу же ээликке алуу санарип мазмунга лицензия түшүрүп алуу ("Ээликке алуу"). Rewards упайлары Microsoft-тон сатып алуунун баарына сунушталбайт. Microsoft Edge-де активдүү бир нерсе кароо - браузерди түзмөгүңүздүн экранында көрүп туруу (б.а. колдонмо учурда ачык жана колдонулуп жатканын көрсөтүп Microsoft Edge икону тапшырмалар тилкесинде көрүнүп турушу), жана вебсайттарды кароо, видеолорду браузерде көрүү, имейл текшерүү же браузер колдонулган башка учурларда браузер менен иштөө. Microsoft Edge колдонуу үчүн упайларды алыш үчүн Bing браузердин баштапкы издөө шайманы кылып коюлуп, Windows баптоолоруңузда телеметрия иштеп турушу керек. Кээде-кээде Microsoft упай алганга башка мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап турушу мүмкүн жана ар бир упай алуу сунушу чексиз уланбайт. Алган упайларыңызды нерселер үчүн ("Rewards") активдештирүү бетинен алса болот. Көбүрөөк маалыматты support.microsoft.com ("Көп берилүүчү суроолор") дарегиндеги Rewards бөлүгүнөн караңыз.
      • 1. Програмдын талаптары. Сиздин жарактуу Microsoft экаунтуңуз болушу керек жана түзмөктөрүңүз минималдуу систем талаптарына жооп бериши керек. Програм Көп берилүүчү суроолордо тизмеленген базарларда жашаган колдонуучуларга ачык. Бир кишинин көп имейл дареги болушу мүмкүн болсо да, кишилердин бирден көп Програм экаунту болбойт, ал эми үй чарбалары алты экаунтка чектелген. Програм сиздин жеке жана коммерциялык колдонууңуз үчүн гана.
      • 2. Упайлар. Упайларыңызды активдештирүү борборунда тизмеленген акча таппаган уюмга өткөргөндөн тышкары, упайларды өткөрүп бере албайсыз. Упайлар - жеке мүлкүңүз эмес, алардын ордуна накталай же башкача акча ала албайсыз. Упайлар сизге сүрөө негизинде ыйгарылат. Упайларды сатып ала албайсыз. Microsoft бир кишиге, бир үй чарбасына же аныкталган убакытка (мисалы, бир күнгө) упайлардын же Rewards санын чектеп коюшу мүмкүн. Програмда бир календардык жылда 550 000ден ашпаган упай активдештирсеңиз болот. Програмда тапкан упайлар Microsoft же үчүнчү тараптар сунуштаган башка кайсы болбосун програмда же аны менен айкаш жарактуу эмес жана колдонулбайт. 18 айда эч бир упай алып же активдештирбесеңиз, активдештирилбеген упайлар күйүп кетет.
      • 3. Rewards. Упайларыңызды активдештирүү борборуна барып активдештирсеңиз же упайларды тизмедеги акча таппаган уюмга берсеңиз болот. Кайсы бир Сыйлык ченелүү санда гана болушу мүмкүн жана ал Сыйлыктар биринчи келгенге биринчи берилет деген негизде жеткирилет. Почта дарегиңиз жана телефон номуруңуз (VOIP же алымы жок номурдан башка) сыяктуу кошумча маалыматыңыз суралышы мүмкүн жана Rewards үчүн упайларды активдештириш үчүн алдамчылыкты аныктоочу код киргизишиңиз же кошумча укуктук документтерге кол коюшуңуз суралышы мүмкүн. Сыйлыкка буйрук бергенден кийин аны кемтиги бар өнүм же тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка учурларда аны жокко чыгарып, же упайларды кайтарып алганга артка бере албайсыз. Кампада түгөнүп калган же Microsoft өзү билип аныктаган башка себептерден жок болгон Сыйлыкты буйрусаңыз, окшош нарктагы Сыйлыкка алмаштырып же упайларыңызды кайтарып бере алабыз. Microsoft активдештирүү борборунда сунушталган Сыйлыктарды жаңыртып же айрым Сыйлыктарды сунуштабай калышы мүмкүн. Айрым Сыйлыктарда жаш боюнча жарамдуулук талаптары болушу мүмкүн. Кайсы болбосун мындай сунуш тиешелүү сунушка кошулат. Федералдык, штаттык жана жергиликтүү салыктардын жана Сыйлыкты кабыл алып жана колдонууга байланышкан чыгымдардын баары үчүн сиз жооптуусуз. Сыйлыгыңызды буйруп жатканда берген имейл дарегиңизге Сыйлыктар имейл менен жиберилет, ошон үчүн имейл дарегиңизди текшерип туруңуз. Жеткирилгенге болбогон сыйлыктар кайра чыгарылбайт жана ошондуктан жок кылынат. Сыйлыктарды кайра сатканга болбойт.
      • 4. Програмга катышууңузду жокко чыгаруу. 18 ай ичинде бир да жолу катталып кирбесеңиз, Програм экаунтуңуз жокко чыгарылат. Буга кошумча, Microsoft Програмга кийлигишүү, кыянаттык кылуу же жасалмалоо же ушул Жоболорду бузганы үчүн кайсы бир колдонуучунун Програм экаунтун жокко чыгарууга укуктуу. Програмды (сиз же биз тарабынан) жокко чыгарганда же Програм тототулганда, упайларыңызды активдештиргенге 90 күнүңүз бар; антпесе, ал упайлар жок кылынат. Жокко чыгарган көз ирмемден баштап Програмды колдонуу жана болочок упайларды чегерүү укугуңуз аяктайт.
      • 5. Башка шарттар. Microsoft өзү сиз Програмга кийлигишип же Програмдын кайсы болбосун жагына кыянаттык кылып же ушул Жоболорду бузуп жатасыз деп ойлосо, Microsoft сизди жараксыз деп табууга; Програмга жеткиңизди же Rewards экаунтуңузду иштен чыгарууга; жана/же упайларды, Сыйлыктарды жана садага салымдарыңызды кармап калууга укуктуу.
Толук текст
Ар кандайАр кандай16_17_18_miscellaneous
Корутунду

14. Ар кандай. Бул бөлүм жана 1, 9 (бул Жоболордун акырына чейин тарткан өлчөмдөр үчүн), 10, 11, 12, 15, 17 бөлүмдөрү жана Жоболору бул келишим аяктагандан кийин колдонула турган бөлүмдөр бул Жоболор аяктаганда же жокко чыгарылганда да күчүндө болот. Тиешелүү мыйзамда уруксат берилген чекте бул Жоболорду толук же жарым-жартылай, качан болсо сизге эскертпестен өткөрүп бере, бул Жоболорго ылайык милдеттенмелерибизди бирөөнө тапшыра, же бул Жоболорго ылайык укуктарыбызды сублицензиялай алабыз. Сиз Кызматтарды колдонууга кандай болбосун укуктарды же бул Жоболорду өткөрүп бере албайсыз. Бул - Кызматтарды колдонушуңуз үчүн сиз менен Microsoft-тун ортоңордогу толук макулдашуу. Бул Кызматтарды колдонушуңуз боюнча сиз менен Microsoft-тун ортоңордогу мурунку кандай болбосун макулдашуудан жогору турат. Бул Жоболорго кирүүдө бул Жоболордо ачык аныкталгандан башка бир да билдирүү, чагылдыруу, кепилдик, түшүнүү, кепилдөө, убада же ынандырууга таянган жоксуз. Бул Жоболордун бөлүктөрүнүн баары тиешелүү мыйзамда уруксат берилген ченге чейин колдонулат. Эгер сот же калыс биз бул Жоболордун бир бөлүгүн жазылгандай аткара албайбыз деп аныктаса, биз ал жоболордун ордуна тиешелүү мыйзамга жараша аткарылгандай өлчөмдө башка окшош жоболорду алышыбыз мүмкүн, бирок Жоболордун башка жерлери өзгөрбөйт. Бул Жоболор жалаң сиз менен биздин пайдабыз үчүн гана. Бул Жоболор Microsoft-тун ордун басарларынан жана мураскорлорунан башка эч кимдин пайдасы үчүн эмес. Бөлүм баштоолору маалымат үчүн гана жана укуктук таасирге ээ эмес.

15. Доолор бир жыл ичинде киргизилиши керек. Бул Жоболорго байланышкан кайсы болсо да доо сиз биринчи доо киргизе ала турган күндөн тарта бир жыл ичинде, жергиликтүү мыйзам доо киргизүүгө узагыраак убакыт талап кылбаса, сотко (же 10(d) бөлүмү туура келсе, арбитраж ишине) каттоого алынышы керек. Ал убакыт ичинде киргизилбесе, ал биротоло жабылат.

16. Экспорт мыйзамдары. Жумшак жабдыкка жана/же Кызматтарга тиешелүү өлкөңүздүн жана эл аралык экспорт мыйзамдары менен ченемдерин карманышыңыз керек, аларга барчу жерге, акыркы колдонуучуларга, жана акыркы колдонууга чектөөлөр кирет. Географиялык жана экспорт чектөөлөрү тууралуу көбүрөөк маалыматты https://go.microsoft.com/fwlink/?linkid=868968 жана https://www.microsoft.com/exporting даректеринен караңыз.

17. Укуктарды алып калуу жана Кайтарым жооп. Ушул жоболордо ачык айтылган болбосо эле, Microsoft же кайсы болбосун тиешелүү тарап, кайсы болбосун ат, соода көйнөгү, лого же ошо сыяктууларды кошуп, бирок аларга чектелбей, үчүн кайсы болбосун патент, ноу-хау, автордук укуктар, соода сырлары, соода белгилери же башка интеллектуалдык мүлк укуктары боюнча Microsoft сизге эч кандай лицензия же башка эч кандай түрдөгү эч кандай укук бербейт. Жаңы өнүмдөргө, технологияларга, сүрөөлөргө, өнүм аттарына идеяларды, өнүм боюнча кайтарым жооп жана өнүмдү жакшыртууларды кошуп, бирок аларга чектелбей, Microsoft-ко кандай болбосун идея, сунуш же кайтарым жооп берсеңиз ("Кайтарым жооп"), Кайтарым жообуңузду эч кандай жолдо жана эч кандай максатта акысыз, ройалтисиз же башка сизге милдеттенмесиз колдонууга, бөлүшүүгө жана сатууга, туунду иштерди жасоого, жаратууга Microsoft-ко бересиз. Microsoft Кайтарым жообуңузду аларга кошкондуктан Microsoft өз жумшак жабдыгын, технологияларын же документтерин кайсы болбосун үчүнчү тарапка лицензия беришин талап кылган Кайтарым жооп бербейсиз.

Толук текст
ЭСКЕРТМЕЛЕРЭСКЕРТМЕЛЕРNOTICES
Корутунду

Интеллектуалдык мүлк укугун бузуу эскертмелери жана доо киргизүү жол-жобосу. Microsoft үчүнчү тараптардын интеллектуалдык мүлк укуктарын сыйлайт. Сураныч, интеллектуалдык мүлк укуктарын бузуу эскертмесин жибергиңиз келсе, Укук Бузуу Эскертмелерин жиберүү жол-жоболорубузду колдонуңуз. БУЛ ЖОЛ-ЖОБОГО ТИЕШЕСИ БАР СУРООЛОР ГАНА ЖООП АЛАТ.

Автордук укуктарды бузуу эскертмелерине жооп бергенге Microsoft Кошмо Штаттар Кодексинин 512-Бөлүгүнүн 17-пунктунда аныкталган процесстерди колдонот. Туура келген жагдайларда Microsoft кайра-кайра укук бузуучу болушу мүмкүн Microsoft кызматтарын колдонуучулардын эккаунттарын иштен чыгарып же өчүрүшү да мүмкүн.

Жарнамалоодо интеллектуалдык мүлк маселелери боюнча эскертмелер жана доо киргизүү жол-жоболору Жарнамалоо ишибизде интеллектуалдык мүлк маселелери боюнча Интеллектуалдык Мүлк Жетектерибизди караңыз.

Автордук укук жана соода белги эскертмелери Кызматтар © 2018 Microsoft Corporation, One Microsoft Way, Redmond, WA 98052, U.S.A. жана/же анын тапшыруучуларынын автордук укугу. Бардык укуктар корголгон. Microsoft жана бардык Microsoft өнүмдөрүнүн, жумшак жабдуусунун жана кызматтарынын аттары, логотиптери, сүрөтчөлөрү Кошмо Штаттардагы жана/же башка өлкөлөрдөгү Microsoft соода белгилери же катталган соода белгилери болушу мүмкүн. Чыныгы компаниялар менен өнүмдөрдүн аттары алардын тиешелүү ээлеринин соода белгилери болушу мүмкүн. Бул Жоболордо ачык берилбеген укуктардын кайсынысы болбосун корголгон. Айрым Microsoft серверлеринде колдонулган белгилүү жумшак жабдык Көз карандысыз JPEG Тобунун ишине жарым-жартылай негизделген. Автордук укук © 1991-1996 Thomas G. Lane. Бардык укуктар корголгон. Айрым Microsoft сайт серверлеринде колдонулган "gnuplot" жумшак жабдуууна автордук укук © 1986‑1993 Thomas Williams, Colin Kelley. Бардык укуктар корголгон.

Медициналык эскертме. Microsoft медициналык же эч кандай башка ден соолук боюнча кеңеш, диагноз же дарылоо сунуш кылбайт. Ден соолук, диета, фитнес же тың жүрүү программалары боюнча бардык суроолоруңуз менен врачыңыздан же башка дасыккан дарыгерден ар дайымllness program. Кызматтан же ал аркылуу алган маалыматыңыз үчүн эч качан кесипкөй медициналык кеңешти укпай койбоңуз же сурабай койбоңуз.

Биржа белгилери жана индекс берилмелери (индекс нарктарын кошуп). © 2013 Morningstar, Inc. Бардык укуктар корголгон. Бул жерде камтылган маалыматты: (1) Morningstar жана/же анын мазмун провайдерлери ээлейт; (2) көчүрүүгө жана таратууга болбойт; жана (3) так, толук же өз убагында деп кепилдебейбиз. Morningstar да, анын мазмун провайдерлери да бул маалыматты кандай болбосун колдонуудан келип чыккан зыяндар же жоготуулардын эч бири үчүн жооптуу эмес. Өткөндөгү аткарууу мунун болочок натыйжаларына гарантия эмес.

Бир да Dow Jones ИндексинSM, индекс берилмесин же Dow Jones белгисин Dow Jones менен өзүнчө жазуу жүзүндөгү макулдашуусуз эч кандай каржы куралдарын же инвестиция өнүмдөрүн (мисалы, куралдын же инвестиция өнүмүнүн баа, кайтарым жана/же иштеши Индекстердин кайынысынын болсо да же индекстердин кайсынысы үчүн болсо да проксинин изин кууганга негизделген, байланышкан, же ниеттенген деривативдер, түзүмдөлгөн өнүмдөр, инвестиция фонддору, алмашуу-соода фонддору, инвестиция портфелдери ж.б.) чыгаруу, түзүү, демөөрчүлүк кылуу, соодалоо, базарга чыгаруу же сүрөөгө байланыштуу колдонууга уруксат эмес.

Каржы эскертмеси. Microsoft Кошмо Штаттар секьюрити мыйзамына же башка юрисдикциялардын секьюрити мыйзамдарына ылайык брокер/дилер же катталган инвестиция кеңешчиси эмес жана секьюрити же башка каржы өнүмдөрүн же кызматтарын сатып алуу, сатуу же инвестиция кылуунун кеңеш берүүчүлүгү боюнча элге кеңеш бербейт. Бул Кызматтардагы эч нерсе бир да секьюритини сатып алуу же сатууга сунуш же өтүнүч эмес. Microsoft да, анын биржа белгилери же индекс берилмелеринин лицензиарлары да бир да бир каржы өнүмдөрүн же кызматтарын колдоп же сунуштабайт. Кызматтардагы эч нерсе инвестиция же салык кеңеши гана эмес, эч кандай кеңеш болууга арналган эмес.

H.264/AVC, MPEG-4 Визуалдык жана VC-1 Видео стандарттары Жумшак жабдууга MPEG LA, L.L.C. лицензиялаган H.264/AVC, MPEG-4 Визуалдык жана/же VC-1 codec технологиясы кириши мүмкүн. Бул технология - видео маалыматынын берилме кысуу үчүн форматы. MPEG LA, L.L.C. бул эскертмени талап кылат:

БУЛ ӨНҮМ КЕРЕКТӨӨЧҮ ЖЕКЕ ЖАНА КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС КОЛДОНУУСУ ҮЧҮН H.264/AVC, MPEG-4 ВИЗУАЛДЫК ЖАНА THE VC-1 ПАТЕНТ ПОРТФОЛИО ЛИЦЕНЗИЯЛАРЫНА ЫЛАЙЫК ЛИЦЕНЗИЯЛАНГАН, БУЛАР ҮЧҮН: (A) ВИДЕОНУ СТАНДАРТТАРГА ("VIDEO STANDARDS") ЫЛАЙЫК ДЕКОДДОО ЖАНА/ЖЕ ЖЕКЕ ЖАНА КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС ИШМЕРДҮҮЛҮК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН КЕРЕКТӨӨЧҮ КОДДОГОН ЖАНА/ЖЕ МЫНДАЙ ВИДЕО БЕРҮҮГӨ ЛИЦЕНЗИЯЛАНГАН ВИДЕО ПРОВАЙДЕРИНЕН АЛЫНГАН (B) H.264/AVC, MPEG-4 ВИЗУАЛДЫК ЖАНА VC-1 ВИДЕОЛОРДУ ДЕКОДДОО. ЛИЦЕНЗИЯЛАРДЫН ЭЧ БИРИ БАШКА БИР ДА ӨНҮМГӨ, АЛ ӨНҮМ БУЛ ЖУМШАК ЖАБДУУГА ЖАЛГЫЗ НЕРСЕДЕ КОШУЛГАН-КОШУЛБАГАНЫНА КАРАБАЙ ТАРАЛБАЙТ. БАШКА ЭЧ КАНДАЙ КОЛДОНУУ ҮЧҮН БИР ДА ЛИЦЕНЗИЯ БЕРИЛБЕЙТ ЖЕ ТУЮНДУРУЛБАЙТ. КОШУМЧА МААЛЫМАТТЫ БУЛ ЖЕРДЕН АЛСА БОЛОТ: MPEG LA, L.L.C. MPEG LA САЙТЫН КАРАҢЫЗ.

Ачыктоо максаттарында гана, бул эскертме ишкана үчүн жеке болуп эсептелген кадыресе ишкана колдонуулары үчүн бул Жоболорго ылайык берилген жумшак жабдууну урунууну чектеп же тыйбайт, ага булар кирбейт: (i) жумшак жабдууну үчүнчү тараптарга кайра таратуу, же (ii) үчүнчү тараптарга таратууга ВИДЕО СТАНДАРТТАРЫНА ылайыктуу технологиялар менен материал жаратуу.

Толук текст
СТАНДАРТ КОЛДОНМО ЛИЦЕНЗИЯ ЖОБОЛОРУСТАНДАРТ КОЛДОНМО ЛИЦЕНЗИЯ ЖОБОЛОРУSTANDARDAPPLICATIONLICENSETERMS
Корутунду

СТАНДАРТ КОЛДОНМО ЛИЦЕНЗИЯ ЖОБОЛОРУ

MICROSOFT STORE, WINDOWS STORE ЖАНА XBOX STORE

Бул лицензия жоболору - сиз менен колдонмо жарыялоочусу ортоңордогу макулдашуу. Сураныч, аларды окуңуз. Алар Microsoft Store-дон, Windows Store-дон же Xbox Store-дон (ар бири бул лицензия жоболорунда "Store" деп берилген) түшүрүп алынган жумшак жабдык колдонмолоруна, анын ичинде колдонмо үчүн кандай болбосун жаңыртууларга же кошумчаларга каралган, бирок колдонмо өз алдынча жоболор менен келсе, ал жоболор колдонулат.

КОЛДОНМОНУ ТҮШҮРҮП АЛУУ ЖЕ КОЛДОНУУ, ЖЕ БУЛАРДЫН БИРӨӨНҮ КЫЛУУГА АРАКЕТ КЫЛУУ МЕНЕН СИЗ БУЛ ЖОБОЛОРДУ КАБЫЛ АЛАСЫЗ. БУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛБАСАҢЫЗ, БУЛ КОЛДОНМОНУ ТҮШҮРҮП АЛЫП ЖЕ КОЛДОНУУГА УКУГУҢУЗ ЖОК ЖАНА АНТПЕШИҢИЗ КЕРЕК.

Колдонмо жарыялоочусу - Store-до аныкталгандай сизге колдонмону лицензиялап жаткан уюм.

Бул лицензия жоболорун аткарсаңыз, төмөнкү укуктарга ээсиз.

  • 1. ОРНОТУУ ЖАНА КОЛДОНУУ УКУКТАРЫ; МӨӨНӨТҮ ӨТҮШҮ. Колдонмону Windows түзмөктөрүнө же Xbox консолдоруна Microsoft-тун Колдонуу Эрежелеринде сүрөттөлгөндөй орнотуп, колдонсоңуз болот. Microsoft-тун Колдонуу Эрежелерин каалаган убакта өзгөртүүгө Microsoft укуктуу.
  • 2. ИНТЕРНЕТКЕ НЕГИЗДЕЛГЕН КЫЗМАТТАР.
    • a. Интернетке негизделген же зымсыз кызматтар үчүн макулдук. Колдонмо компьютер системдерине Интернет (анын ичинде зымсыз тармак) аркылуу туташса, колдонмону колдонуу сиздин стандарттуу түзмөк маалыматын (буларды кошуп, бирок булар менен чектелбей: түзмөгүңүз, системиңиз жана колдонмо жумшак жабдуусу, жана перифериялык кошумчалар тууралуу техникалык маалымат) Интернетке негизделген же зымсыз кызматтар үчүн өткөрүүгө макулдугуңуз катары кабыл алынат. Колдонмо аркылуу жетки алган кызматтарды колдонууңузга байланыштуу башка жоболор келтирилсе, ал жоболор да колдонулат.
    • b. Интернетке негизделген кызматтарды туура эмес колдонуу. бир да Интернетке негизделген кызматты ага заян келтириши же башка бирөөнүн аны же зымсыз тармакты колдонушуна таасир этиши мүмкүн болгон бир да жолдо колдонгонго болбойт. Кызматты бир да кызмат, берилме, эккаунт же тармакка кандай жол менен болбосун уруксатсыз жетки алуу үчүн колдонууга уруксат жок.
  • 3. ЛИЦЕНЗИЯНЫН КУЧАГЫ Колдонмо сатылбайт, ал лицензияланат. Бул макулдашуу сизге колдонмону колдонууга гана айрым укуктарды берет. Microsoft менен макулдашууңуздун натыйжасында Microsoft колдонмолорду урунуу мүмкүнчүлүгүңүздү өчүрсө, байланышкан лицензия укуктарынын баары токтойт. Бул колдонмонун жарыялоочусу башка укуктардын баарын өзүнө калтырат. Тиешелүү мыйзам бул чектөөгө карабастан сизге көбүрөөк укуктарды бербесе гана, колдонмону бул макулдашууда ачык уруксат берилгендей гана колдонгонго болот. Мында колдонмону белгилүү гана жолдордо урунууга уруксат берген колдонмонун техникалык чектөөлөрүн карманышыңыз керек. Буларга уруксат жок:
    • a. Колдонмодогу техникалык чектөөлөрдүн баарын айланып өтүү.
    • b. Бул чектөөгө карабай тиешелүү мыйзам ачык уруксат бергенден тышкары жана ошол ченде гана, колдонмону тескери долбоорлоо, чечүү же ажыратуу.
    • c. Бул чектөөгө карабай бул макулдашууда аныкталгандан же тиешелүү мыйзамда уруксат берилгенден көп колдонмо көчүрмөлөрүн жасоо.
    • d. Колдонмону жарыялоо же башка жол менен башкалар үчүн көчүрүүгө мүмкүн кылуу.
    • e. Колдонмону ижарага берүү, бөлүп сатуу же карыздоо.
    • f. Колдонмону же бул макулдашууну кайсы болбосун үчүнчү тарапка өткөрүп берүү.
  • 4. ДОКУМЕНТАЦИЯ. Документтер колдонмо менен берилсе, документтерди жеке маалымат берүү максаттарында көчүрүп жана колдонгонго болбойт.
  • 5. ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА ЭКСПОРТ ЧЕКТӨӨЛӨРҮ. Колдонмо Кошмо Штаттардын же эл аралык технологиялык көзөмөл же экспорт мыйзамдарына жана жөнгө салууларына баш ийиши мүмкүн. Колдонулган технологияга же колдонмо шайкеш келген тиешелүү өлкөңүздүн жана эл аралык экспорт мыйзамдары менен ченемдерин карманышыңыз керек. Бул мыйзамдарга чектөөлөр жана барчу жерлер, акыркы колдонуучулар жана акыркы колдонуу кирет. Microsoft эндүү өнүмдөр тууралуу маалымат үчүн Microsoft экспорт сайтына барыңыз.
  • 6. КОЛДОО КЫЗМАТТАРЫ. Кайсы колдоо кызматтары мүмкүн экенин аныктоо үчүн колдонмо жарыялоочусуна кайрылыңыз. Microsoft, катуу жабдууңуздун өндүрүүчүсү жана зымсыз алып жүрүүчүңүз (алардын бири колдонмо жарыялоочусу болбосо) колдонмо үчүн колдоо кызматтарын көрсөтүү үчүн жооптуу эмес.
  • 7. ТОЛУК МАКУЛДАШУУ. Бул макулдашуу, колдонмону коштогон кайсы болбосун тиешелүү купуялык саясаты, кайсы болбосун кошумча жоболор жана кошумчалар жана жаңыртуулар үчүн жоболор - сиз менен колдонмо үчүн коолдонмо жарыялоочунун ортоңордогу бүткүл лицензиялык макулдашуу.
  • 8. КОЛДОНУЛУУЧУ МЫЙЗАМ.
    • a. Кошмо Штаттар жана Канада. Колдонмону Кошмо Штаттарда же Канадада алсаңыз, бул макулдашуунун түшүнүлүшү сиз жашаган (же ишкана үчүн - ишканаңыздын негизги иш алып барган жери жайгашкан) штаттын же провинциянын мыйзамдарына баш ийет жана мыйзамдын кагылышуу принциптерине карабастан, бузуу доолоруна жана башка доолордун баарына (анын ичинде кардарларды коргоо, чынчыл эмес атаандаштык жана деликт доолоруна) колдонулат.
    • b. Кошмо Штаттар жана Канададан тышкары. Колдонмону кайсы болбосун башка өлкөдө сатып алсаңыз, ошол өлкөнүн мыйзамдары колдонулат.
  • 9. МЫЙЗАМДЫК КҮЧҮ. Бул макулдашуу белгилүү мыйзамдык укуктарды сүрөттөйт. Штатыңыздын же өлкөңүздүн мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ болушуңуз мүмкүн. Бул макулдашууга штатыңыздын же өлкөңүздүн мыйзамдары уруксат бербесе, макулдашуу штатыңыздын же өлкөңүздүн мыйзамдары боюнча укуктарыңызды өзгөртпөйт.
  • 10. КЕПИЛДИКТЕН БОШОНУУ. Колдонмо "кандай болсо ошондой", "бардык кемтиктери менен" жана "мүмкүн болушунча" лицензияланган. Аны колдонуу тобокелин толук сиз тартасыз. Колдонмо жарыялоочу өзүнүн, Microsoft-тун (Microsoft колдонмо жарыялоочусу болбосо), колдонмо анын тармагы аркылуу берилген зымсыз алып жүрүүчүнүн жана туундулардын, сатуучулардын, агенттердин жана тапшыруучулардын ар биринин ("Камтылган Тараптардын") атынан колдонмого байланыштуу ачык кепилдик, гарантия же шарттарды камсыз кылбайт. Колдонмонун сапаты, коопсуздугу, ыңгайлуулугу жана аткарылышы боюнча бүткүл тобокел өзүңүздө. Колдонмо өксүгү бар деп далилденсе, зарыл колдоо же оңдоо кызматтарынын толук наркын сиз көтөрөсүз. Сизде жергиликтүү мыйзамдарыңызга ылайык бул макулдашуу өзгөртө албаган кошумча керектөөчү укуктарыңыз болушу мүмкүн. Жергиликтүү мыйзамдарыңызда уруксат берилген чекте Камтылган Тараптар кайсы болбосун туюндурулган кепилдиктерди же шарттарды, анын ичинде сатылуучулук, кайсы бир максатка туура келүү, ыңгайлуулук жана тартип бузбоо үчүн, жокко чыгарат.
  • 11. ЧАРАЛАРДЫ ЖАНА ЗЫЯНДАРДЫ ЧЕКТӨӨЛӨР ЖАНА ЧЫГАРЫП САЛУУЛАР. Мыйзамда тыйылбаган чекте, эгер сизде зыяндардын ордун толтуруу үчүн кандай болбосуз негиз болсо, колдонмо үчүн төлөгөн өлчөмгө же 1,00 АКШ долларына чейин (кайсынысы көбүрөөк болсо) тике гана зыяндардын ордун колдонмо жарыялоочусуна толтурта аласыз. Колдонмо жарыялоочусунан келип чыккан, жоготулган пайда, атайын, кыйыр же кокустан болгон зыяндарды кошуп, эч кандай зыяндардын ордун толтура албайсыз жана мындай укуктардан бошоносуз. Жергиликтүү мыйзамдарыңыз бул жоболор бербеген кепилдик, гарантия же шарт койсо, анын узактыгы сиз колдонмону түшүрүп алгандан тарта 90 күнгө чектелген.

Бул колдонмо буларга колдонулат:

  • Колдонмо аркылуу мүмкүн болгон, колдонмого же кызматтарга байланышкан эмне болсо да; жана
  • Келишимди, кепилдикти, гарантияны же шартты бузуу доолору; тыкыр жоопкерчилик, эске албоо, же башка деликт; статутту же ченемди бузуу; адилетсиз байуу; же башка кандай болбосун теория; тиешелүү мыйзамда уруксат берилген ченде баары.

Ал мындай болсо да колдонулат:

  • Бул чара сизге кандай болбосун жоготуулардын ордун толук толтурбайт; же
  • Колдонмо жарыялоочусу зыяндардын мүмкүндүгү тууралуу билген же билиши керек болчу.
Толук текст
Камтылган КызматтарКамтылган Кызматтарserviceslist
Корутунду

Төмөнкү өнүмдөр, колдонмолор жана кызматтар Microsoft Кызматтар Макулдашууларында камтылган, бирок сиздин базарда жок болушу мүмкүн.

  • Account.microsoft.com
  • Advertising.microsoft.com
  • Arrow Launcher
  • Bing Bots
  • Bing Sportscaster
  • Bing Torque
  • Bing Translator
  • Bing Webmaster
  • Bing Wikipedia Браузери
  • Bing Аспапсабы
  • Bing Издөө колдонмосу
  • Bing Иштактасы
  • Bing Карталар
  • Bing Киргизүүсү
  • Bing Класста
  • Bing Колдонмолору
  • Bing Окуучу
  • Bing Сөздүгү
  • Bing Сыйлыктары
  • Bing Чабыттоо
  • Bing.com
  • Bing
  • Bingplaces.com
  • Citizen Next
  • Conditional Action Programmer
  • Cortana skills by Microsoft
  • Cortana
  • Default Homepage and New Tab Page on Microsoft Edge
  • Dev Center App
  • Dictate
  • Docs.com
  • education.minecraft.net
  • Face Swap
  • Forms.microsoft.com
  • forzamotorsport.net
  • Groove Music Pass
  • Groove
  • GroupMe
  • HealthVault
  • LineBack
  • Microsoft Academic
  • Microsoft Add-Ins for Skype
  • Microsoft Bots
  • Microsoft Educator Community
  • Microsoft Pay
  • Microsoft Research Interactive Science
  • Microsoft Research Open Data
  • Microsoft Translator
  • Microsoft XiaoIce
  • Microsoft Ден соолук
  • Microsoft жарыялаган Xbox жана Windows оюндары, колдонмолор жана вебсайттар
  • Microsoft Кино жана ТК
  • Microsoft Тушкагаз
  • Microsoft Үй-бүлөсү
  • Microsoft эккаунт
  • Microsoft'тун Office 365 үчүн Колдоо жана Калыбына келтирүү Жардамчысы
  • Mixer
  • MSN Dial Up
  • MSN Explorer
  • MSN Аба ырайы
  • MSN Акча
  • MSN Ден соолук жана Дымак
  • MSN Жаңылыктар
  • MSN Премиум
  • MSN Саякат
  • MSN Спорт
  • MSN Тамак жана Ичимдик
  • MSN.com
  • Next Lock Screen
  • Office 365 Жеке
  • Office 365 Керектөөчү
  • Office 365 Университет
  • Office 365 Үй
  • Office Sway
  • Office Дүкөн
  • Office Онлайн
  • Office.com
  • OneDrive.com
  • OneDrive
  • OneNote.com
  • Outlook.com
  • Paint 3D
  • Picturesque Lock Screen
  • Pix Lock
  • Presentation Translator
  • Remix 3D
  • Rinna
  • rise4fun
  • Ruuh
  • Seeing AI
  • Send
  • Skype in the Classroom
  • Skype Interviews
  • Skype Qik
  • Skype Менежер
  • Skype.com
  • Skype
  • Snip Insights
  • Spreadsheet Keyboard
  • Sprinkles
  • Sway.com
  • to-do.microsoft.com
  • Tossup
  • Translator for Microsoft Edge
  • Translator Live
  • UrWeather
  • Video Breakdown
  • Visio Online
  • Windows Live Mail
  • Windows Live Writer
  • Windows Movie Maker
  • Windows Photo Gallery
  • Windows Интернет дүкөнү
  • Xbox Game Pass
  • Xbox Live Gold
  • Xbox Live
  • Xbox Music
  • Xbox Store
  • Ден соолук Түзмөк Колдонмосу
  • Интернет дүкөнү
  • Карталар Колдонмосу
  • Котормочу
  • Эстүү издөө
Толук текст
1-март, 20180